Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

ПАРЛАМЕНТ ӨЗБЕКСТАНДЫН ТАРТИП КОРГОО КЫЗМАТКЕРЛЕРИН ЖООПКО ТАРТУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Өзбекстандын тартип коргоо кызматкерлеринин 10-декабрда Аксы районунда жасаган мыйзамсыз аракеттерине байланышкан маселени Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбү күнү карады. Бирок, палатанын Мамлекеттик коопсуздук маселери боюнча комитети иштеп чыккан токтомдун долбоору жетиштүү добуш топтой албай, кабыл алынган жок. Долбоордо Өзбекстандын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Кыргызстандын мыйзамдарын жана эларалык укук нормаларын бузгандыгы белгиленген.

Бул маселени депутаттар баш-аягы эки күн талкуулады. Бирок, жыйынтыгында, даярдалган токтом долбоору жетиштүү добуш топтой алган жок (долбоорго 22 гана депутат макулдугун берди). Долбоордо Жалалабад облусунун прокурору Айбек Турганбаевди жана Улуттук коопсуздук кызматынын Жалалабаддагы башкармалыгынын жетекчиси Марат Иманкуловду кызматтан бошотуу жагын карап көрүү, Өзбекстандын тартип коргоо кызматкерлерин жоопко тартуу боюнча чараларды көрүү, мамлекеттик чегарага көзөмөлдү күчөтүү маселелери камтылган.

Токтомдо белгиленгенге караганда, Өзбекстандын Кербенде кармалган тогуз атуулун облустун күч бийлиги өз алдынча чечим чыгарып, өз мекенине жиберген. Аталган факт боюнча узак талкуунун тыянаксыз аякташын айрым депутаттар парламенттин эркинин боштугу менен түшүндүрүштү.

Маселен, Эларалык байланыш комитетинин төрагасы, депутат Алишер Абдимомуновдун пикири боюнча, парламент буга чейин деле мындай эларалык деңгээлдеги талаш-тартыштар боюнча омоктуу чечим кабыл ала элек:

- Дегеле, биздин мамлекеттин, парламенттин жана элдин чечкиндүүлүгү жетишсиз. Бул - азыркы шартта мыйзамченемдүү көрүнүш.

Мамлекеттик коопсуздук маселелери боюнча комитеттин төрагасы, бул маселени демилге кылып көтөрүп чыккан Исмаил Исаковдун ою боюнча, чечимдин кабыл алынбай калышына кээ бир депутаттардын жеке кызыкчылыктары рол ойноду:

- Чечимдин кабыл алынбай калышында кайгыра турган эч нерсе жок. Анткени, комитеттин чечими күчтөндүрүлдү. Конституцияда мыйзамдардын аткарылышын, чечимдердин ишке ашышын комитеттер карайт деп жазылган. Комитет муну көзөмөлгө алат.

Исмаил Исаков белгилегендей, палата бул маселе боюнча бир жыйынтыкка келбегени менен, ал жетектеген комитет маселени өткөн бейшембиде карап, палата талкуулаган токтом долбооруна үндөш токтом кабыл алган. Эми комитет мыйзам чегинде өз чечиминин аткарылышын көзөмөлдөйт. Исмаил Исаковдун айтымында, комитет бул маселе боюнча тыянак чыгаруу аракетин көрөт. Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин жума күндөгү убадасына караганда, Кербендеги окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрөт.

Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Улукбек Чыналиев Тышкы иштер министрлиги да өз иликтөөсүн жүргүзүп жатканын айтты:

- Айрыкча, чегарада катталган фактылардын бири да Тышкы иштер министрлигинин, элчиликтин көңүл сыртында калбайт. Акыркы окуя боюнча дагы 11-декабрда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жолдонду. Азыр бул маселе боюнча иликтөө жүрүп атат.

Депутат Ишенбай Кадырбековдун ою боюнча, нотадан майнап чыкпастыгын буга чейинки тыянактар көп ирет далилдеди. Ошондуктан, парламент кыргыз-өзбек чегараларында болуп жаткан мыйзам бузууларга байланыштуу саясий чечим кабыл алышы керек болчу. Анткени, Кадырбековдун маалыматына караганда, акыркы жылдарда чегараларда мыйзам бузуу боюнча 40тан ашык факт катталган. Алардын ону Өзбекстан атуулдарынын Кыргызстандын аймагында курал колдонушуна байланыштуу.

Бүгүн Ишенбай Кадырбеков, Кубатбек Байболов өңдүү депутаттардын Өзбекстандын парламентине жана президент Ислам Каримовго кайрылуу жолдойлу деген сунуштарын депутаттар колдогон жок. Ошондон улам депутат Орозбек Дүйшеев «бул маселеге жакынкы бир ай ичинде кайра кайрылуу зарыл» дейт:

- Саясий чечим кабыл алуу керек эле. Анткени, коңшубуз - өзбектер мыйзамды көп бузуп атат. Көп каттар келип жатат. «Биз алар менен түбөлүк доспуз» дейбиз. Бирок, алар тарабынан катуу мыйзам бузуулар бар. Бүгүн токтом кабыл алынбай калды, бирок, муну кайра карашыбыз керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG