НАРЫН. Элдин суроолоруна радио аркылуу жооп берген губернатор Аскар Салымбеков кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгында нарындыктар тарыхый инсандар-Ажыбек баатырдын 200 жылдыгын, Казыбек казалчынын 100 жылдыгын, Байзак баатырдын юбилейин белгилегенин айтып, жыл башында көчкү түшүп, кардын калың болгонуна карабай өнөр жайы 6%, айыл-чарбасы 5% өскөндүгүн билдирди. Андан соң губернатор электр энергиясына, айлык акы жана пенсия, пособиелерге байланыштуу суроолорго жооп берди. Облустагы бейөкмөт уюмдардын иш-аракеттерин колдоо үчүн татыктуу долбоорлорго «Намыс» программасынан атайын акча каражаттар бөлүнүп берилерин да кабарлады.