Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын бюджетин жактырды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы 2004-жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзамды жактырды. Эл өкүлдөр жыйыны 9-декабрда кабыл алып, Мыйзам чыгаруу палатасынын макулдугуна жөнөткөн мыйзамды колдоп, 44 депутат добуш берди. Ага ылайык 2004-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 14 млрд. 215 млн. сом, чыгаша бөлүгү 14 млрд. 951 млн. сом болду. Каржы министри Болот Абилдаевдин билдирүүсү боюнча, жаңы жылдагы бюджеттин негизги максаты-өлкөнүн социалдык тармагын колдоо. Депутат Курманбек Бакиев өкмөттүн бюджет саясатын сынга алып, мындай саясат Кыргызстанды жакырчылыктан эч качан чыгара албасын билдирди. К. Бакиевдин пикири боюнча, Кыргызстан өз алдынча улуттук саясатын жүргүзүш үчүн Эларалык валюта корунун жетегинен чыгып, салыкты азайтууга милдеттүү жана мындай кадамга барууга өлкө президентинин чечкиндүү саясаты зарыл.

XS
SM
MD
LG