Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

СЕРБИЯГА УЛУТЧУЛДАРДЫН ДООРУ КАЙТАБЫ?


Сербиядагы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары улутчулдар партиясы көпчүлүк добуш топтосо да, өз алдынча өкмөт курууга жетишпегенин көрсөтүүдө. Улутчулдардын жеңиши жакырчылыкка баткан жумуриятты кайрадан эл аралык изоляцияга алып келеби деген кооптонууларды туудура баштады.

Алгачкы натыйжаларга караганда, ультраулутчулдардын Радикалдуу партиясы добуштардын дээрлик 28 пайызын жеңип алды. Бул партияны бир кездеги парламент төрагасы, учурда Гаага трибуналында жоопко тартылып жаткан Воислав Шешель жетектейт. Эми радикалдар 250 орундуу парламенттен 100гө жакын депутаттык мандат ала алышат. Бирок радикалдар өз алдынча өкмөт куруш үчүн керектүү сандагы добуш топтой алышкан жок. Калган партиялар болсо улутчулдар менен коалиця түзүү мүмкүнчүлүгүн четке кагышууда.

Жекшемби күнкү шайлоодо негизги оюнчулардын бири болот деп болжолдонгон Югославиянын экс-президенти Воислав Коштуница жетектеген Сербиянын Демократиялык партиясы добуштардын 18 пайызын алууга жетишти, азыркы премьер Зоран Живковичтин партиясы – 12 жарым пайыз, либералдуу партия – 11 жарымдан ашуун жана өзүн реформисттерге кошкон монархиячыл альянс – дээрлик 8 пайыз добуш жыйнады.

Эми аталган реформачыл партиялар өз ара араздашууларын токтотуп, бир пикирге келишсе гана улутчулдардын таасирин азайтып, демократиячыл өкмөт түзө алышат. Батыштык дипломаттардын айрымдары, Сербия 3 жыл өтүп-өтпөй демократия жолунан тайып, 90-жылдардагы улутчул саясатына кайтса, анда эл өзүнүн келечегине балта чапты десе болот деген пикирде.

Арийне, демократтардын позициялары көпчүлүк маселелер боюнча бир жерден чыкпайт. Алсак, Гаагадагы согуш трибуналы менен кызматташууга келгенде кээ бир партиялардын пикирлери түп-тамырынан айырмаланат. Трибунал демекчи, азыр Гаагада соттолуп жаткан Шешель жана Югославиянын мурунку президенти Слободан Милошевич өз партияларынын тизмелеринде биринчи талапкерлер катары көрсөтүлгөн. Радикалдардын ырастоосунда, Шешель үчүн атайын депутаттык орун чегерилбейт, бирок ал Гаагадан бошоп келгенде, партиялаштарынын бирөө ага праламенттеги мандатын өткөрүп берет.

“Биз Воислав Шешель үчүн, балдарын патриоттук духта тарбиялагысы келген эл үчүн жеңдик”, - деди радикалдар партиясынын лидерлеринин бири Томислав Николич:

Ар бир саясатчы шайлоону утуп алгысы келет. Бирок жеңиш көп жоопкерчиликти жүктөйт. Мен Сербиянын Радикалдуу партиясы менен бирге ошондой жоопкерчиликти өзүмө алууга даярмын.

Өлкөнүн вице-премьер министри Небойся Кович добуш берүүнүн жыйынтыгын “Өкмөттү каталары үчүн калк жазалоону чечкен өңдөнөт”, - деп комментариялады. 2000-жылы Милошевичти бийликтен кетирип, жумуриятты эл аралык изоляциядан алып чыккан демокартиялык коалиция быйыл мартта премьер Зоран Жинжич киши колдуу болгондон көп өтпөй ыдырап кеткен эле. Андан кийинки коррупция жаңжалдары, реформалардын жай жүрүшү демократтардын эл арасындагы беделин түшүрүп жиберген.

Шайлоонун толук жыйынтыгы аптанын орто ченинде даяр болот деп кабарланууда.

XS
SM
MD
LG