Араб өлкөлөрүндө жыл эсеби Хижрадан же мындан 1342-жыл илгери жайкы саратанда Мухамед пайгамбар Мединадан Меккеге кеткен күндөн эсептелинет. Ал эми жаңы жылды 31-декабрдан 1-январга караган түндү майрамдоо – христиандардын салты. Саддам Хусейндин тушунда Ирак секулярдык же дин мамлекеттен ажыратылган өлкө болгондуктан, бул өлкөдө Хижра да, христиандык жаңы жыл да бирдей белгиленет. Бирок быйылкы жаңы жылды ирактыктар оккупациялык режимдин шартында тосушууда. Күндө улам бир жерде бомба жарылып, киши өлтүрүү кадыресе көрүнүшкө айланды. Жылдын соңку күндөрүндө да капсалаң басылган жок. Шейшембиде баш калаа Багдадда жол боюнда бомба жарылып, эки киши мерт болду. Ал эми түштүктөгү Басра шаарында ичкилик менен соода кылган христианды атып кетишти.
Жыл этегинде Вашингтон администрациясынын маанайын көтөрүп, көңүлүн ачкан жаңылык да жок эмес. Саддам Хусейндин туулган Тикрит шаары АКШ баштаган оккупациялык бийликтерге кашы кыймылдын чордонуна айланган эле. Мына ушул шаардын таасирлүү динаятчылары кызыл кыргынды токтотуу үчүн күчүн бириктирип жатышканы өткөн жумада маалым болду. Сунни мусулмандарынын сада уруусунун башчысы Саба Махмуд шейхтин айтымында, ал жана дагы 10 чакты уруу башчылары Тикритте элдешүү комитетин түзүштү. Алар башын канжыгага байлап, каршылык көрсөтүү кыймылына кошулуп кеткен жердештерин куралын таштоого көндүрүүнү чечишти.
Жалпылап айтканда, Кошмо Штаттары баштаган күчтөрдүн Иракка басып кирип, оккупациялап алышы өтүп бараткан 2003-жылдын башкы окуясы болуп калды. Бул окуялар маңызында да, жол-жобосунда да жыл ичиндеги эл аралык саясаттын үстөмдүк кылган темасы болду. Ирак согушу келечектеги жаңы баскынчылыкка жол таптап берди. Согушка каршы чыккандар эл аралык коопсуздукту жана бейкуттукту сактоонун согуштан башка жолдорун издөөгө мурдагыдан алда-канча олуттуу мамиле жасоого мажбур болушууда.
Ирактын оккупациясы Жакынкы Чыгыш гана эмес, дүйнөнүн башка аймактары үчү да оңду-солду, коогалаңдуу болду. Саддам Хусейндин режими кулады деп камтама болуп, асан кайгылангандар көп эмес. Бирок аны эл аралык мыйзамдын негизинде эмес, массалык кыргын куралы бар деген далилсиз жалаага таянып, күч менен кулатышканы дүйнөлүк тартип жана коопсуздук үчүн кооптуу огожо болуп калды. Согуштан кийинки реконструкциянын пландалбаганы, ал аз келгенсип, АКШнын Ирактан келерки жылы өлкөнү калыбына келтирүү иштерин бүтүрбөстөн, аскерлерин шашылыш алып кетүүгө шашылганы бул абалды ого бетер начарлаткан факторго айланууда.
Аталган кыйынчылыктарды жеңип чыгуунун бир жолу катары Иракты калыбына келтирүүнү Бириккен Улуттар Уюмуна өткөрүп берүүнү сунуш этишүүдө. Бир эле учурда Израиль менен палестиндердин ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда эл аралык деңгээлдеги демилге, иш-чараларды күч алса, Жакынкы Чыгыштын мындан аркы өнүгүшүнүн оң жолго түшүшү жеңилдемек.