Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

УКРАИНА: ЛЕОНИД КУЧМА ҮЧҮНЧҮ ИРЕТ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ШАЙЛАНАБЫ?


Жаңы эле узатылган жылдын соңунда Украинанын Конституциялык соту президент Кучма быйылкы жылдын октябрына белгиленген президенттик шайлоого талапкердигин койо алат деген бүтүмүн чыгарды. Леонид Кучмага мындай мүмкүнчүлүк КМШнын башка өлкөсү – Кыргызстанда колдонулгандай усул менен берилүүдө. Демек, тарыхый жактан үчүнчү ирет президенттикке шайлануу мүмкүнчүлүгүн Конституциялык сот экинчи жолку деп гана саноодо.

Леонид Кучма мырза алгачкы жолу 1994-жылы июль айында президенттик болуп шайланган. Ал эми анын 1999-жылы ноябрда экинчи ирет президенттикке шайланышын өлкөнүн Конституциялык соту “биринчи жолку шайлануу” деп кароодо. Бул маселени козгоп, Конституциялык сотко кайрылган жүз депутат өлкөнүн башмыйзамы 1996-жылы июнда кабыл алынганын, демек, ага чейинки президенттик шайлоо мурдагы, башкача айтканда, советтик доордон калган баш мыйзамдын тушунда жүзөгө ашырылгандыктан, аны эсепке кошууга болбостугун белгилешкен.

Кыргызстанда да дал ушундай жүйөө менен өлкөнүн президенти Аскар Акаев үчүн 2000-жылкы шайлоого катышуусуна Конституциялык сот тарабынан “бата берилген”.

Украинанын оппозициячыл саясатчылары Конституциялык соттун мындай чечимин Леонид Кучманын тымызын иш-аракетинин мөмөсү катары баалашууда. Оппозициялык Украина Республикачыл партиясынын лидери Анатолий Матвиенко:

- Менимче, бул “шедеврди” “Жаңы жылдын ирегесинде Конституциялык сот кантип зордукталды?” деп атаса да болот. Менин билишимче, президенттик администрациянын башчысы Виктор Медведчук конституциялык соттун ар бир мүчөсү менен көздөшүп чыкты. Саясатта жаңы шумдуктуу окуя даярдалып жатат десек болот ко дейм. Эми Кучмага үчүнчү жолу өз талапкердигин көрсөтүүнү сунуштап чыгышат. Ал оболу көжөлүп каршы болот. Андан соң бүткүл эл андан жалынып-жалбарып сурана баштайт. Жумушчулардын топтору митинг, демонстрация жана жыйын өткөрүшөт. Кучма өзүн ар ким сүйөөрүн көрүп, күбө болгон соң, үчүнчү жолу президенттик үчүн ат салышууга мажбур болот.

Бул ою менен бөлүшкөн Матвиенко мырзанын башка бир жоромолуна караганда, президент Кучма жаңы башталган жылда (2004-жылы) парламент аркылуу кайра шайланып алышы да ажеп эмес.

Өлкөнүн конституциясына ылайык, президент бүткүл эл тарабынан тикелей шайланышы керек, бирок былтыр 24-декабрда Украинанын парламенти башмыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамды алгачкы окулушунда жактырып, президент парламент тарабынан шайланышы керек деген жобону киргизген. Эми бул мыйзам Конституциялык сот тарабынан бекитилиши да керек.

Украин парламентинин укук боюнча комиссиясынын жетекчиси, депутат Васил Онопенко азыркы Конституциялык сот президенттин чөнтөк сотуна айланды деп санайт:

- Конституциялык сот президенттин сотуна, аксарай сотуна айланды. Анын чечимине таң кала турган деле эч нерсе жок. Депутаттардын алиги суроосуна мындан башка кандайча жооп болмок эле? Мындай чечим башынан эле беленденген. Бирок, таң калаарлыктай болсо да, оюмду айтайын – бул соттук бүтүмдүн азыркы президент үчүн эч пайдасы жок.

Онопенконун оюнча, Леонид Кучма үчүнчү ирет шайлануу үчүн өз талапкердигин койбойт. Бирок башка оппозициячыл саясатчылар «ким билет, ким билет?» деп, күмөнсүгөн пикирин ачык айтышууда.

Президент Кучманы оппозициялык күчтөр коррупцияга малынган жана көз каранды эмес журналисттин киши колдуу өлүмүнө тийешеси бар деп айыптап келет. Президент болсо бул доолордун баарын жалаа катары четке кагууда.

XS
SM
MD
LG