Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

АКШ ИРАНГА КӨМӨКТӨШӨТ, БИРОК МАМИЛЕСИН ӨЗГӨРТПӨЙТ


Иранда бүткүл мечиттерде жума намазга жыгылганы келгендер Бамдагы жер титирөөдөн курман болгондордун арбагына багыштап, куран окушту. Соңку маалыматтар боюнча, табигый кырсыктан апаат кеткендердин саны отуз миңге жетти. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш америкалыктар зилзаладан жабыр тарткан ирандыктардын кайгы-сын жапакечтик сезим менен кабыл алып жатышканын айтып, ошол эле учурда Вашингтон көрсөткөн гуманитардык жардам эки тараптын мамилелери жакшырганын билдирбейт деп белгиледи.

Табигый кырсыктан кыйраган Бам шаарынын калкы жаңы жылды азалуу жана азарлуу маанайда тосту. Бүгүнкү күнгө чейин Керман провинциясынын аэропортуна жалпысынан 50 өлкөдөн 150дөн ашуун самолеттор келип конду, алардын баары бамдыктар үчүн эң зарыл азык-түлүк, дары-дармек,баш маанек болгудай чатырлар менен курама үйлөрдү жеткиришти. Алардын ичинде Кошмо Штаттары ири партиядагы соопкерчилик жардамдарды жөнөттү. Ал эми кырсык болор замат эле Вашингтондон Бамга америкалык дарыгерлер жана куткаруучулар командасы келип түшкөн эле. 1979-жылдагы ислам революциясынан бери ырасмий мындай гуманитардык озуйпа менен америкалыктар Иранга келе элек болчу. Америкалык мыйзамдарга ылайык Иранга акча которгонго да тыюу салынган эле. Бирок АКШнын финансы министрлиги америкалыктарга жана бейырасмий гуманитардык уюмдарга жакынкы үч айдын аралыгында зилзаладан жабыркаган ирандыктарга жардам көрсөткөнгө уруксат берди.

Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази Вашингтондун бул кадамын куттуктап, эгер бу өңдүү адамгерчилик жүйөөдөгү ишааралар туруктуу мүнөзгө өтсө, анда эки өлкөнүн ортосундагы жалпы алакалардын өзгөрүшүнө алып келет деп ырастады.

Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш америкалыктар Ирандагы соопкерчилик иштери менен жергиликтүү калктын кайгысына жапакечтик мамилесин көрсөтүп жатканын, Вашингтон ушул жүйөөдөн улам Тегеранга гуманитардык жардам көрсөтүүдө айрым санкцияларды жеңилдеткенге даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда Буш тараптардын өз ара алакаларын жакшыртуу үчүн Ирандын жетекчилери бул өлкөдө кармалган бардык ал-каидачыларды Кошмо Штаттарына өткөрүп берүүгө тийиш жана атомдук курал жасоо программасын токтотушу керек деп кошумчалады. Буш гуманитардык чөйрөдө Ирандын Кошмо Штаттары менен кызматташкысы келгенин кубаттады жана табигый кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү зарыл экенин белгилеп, америкалыктар мындай иштерди жасайт деп ишендирди.

Соңку маалыматтарда Бамда куткаруучулар жаңы жылдын алгачкы эки күнүндө урандылар алдынан он бир кишини, анын ичинде бейшемби күнү эле эки адамды таап алышканы айтылат. Жалпы эсепте Бамдагы зилзилада опот кеткендердин саны 30 миңге, ал эми айрым санактарда дээрлик элүү миңге жетет.

Бамдын четинде жайгашкан америкалык көчмө госпиталда иштеп жаткан доктор Аннекэтрин Гуудман медициналык жардам көрсөтүлгөн адамдардын арасында ашказаны ооруп, башы айлангандар, мүрүсү сынып, өнө бою мүчүгөндөр көп экенин, алар атүгүл тамак ичип, наар сызбай калганын, кайгыга катуу алдыргандар, өксөп-мөгдөп ыйлагандар өтө эле арбын экенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG