Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

ООГАНСТАНДЫН ЛОЙА ЖЫРГАСЫ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛДЫ


HTTP://WWW.RFERL.ORG/NCA/IMAGES/SMALL-MAPS/NEW-AFGHAN-MAP.JPG Бүгүн, жекшембиде, Ооганстандын Лойа Жыргасы өлкөнүн жаңы конституциясын кабыл алды. Саясий жана этностук топтордун өз ара келишүүсү менен кабыл алынган бул баш мыйзам жыйырма жылдан ашуун убакыт бою согуштун, мурдагы жылы кулатылган талиптик режимдин азабын чеккен ооган улутунун жаңы болочогуна мыйзамдык башат болмокчу. Эми быйыл июнь айында өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Лойа Жырганын - Улуу жыйындын төрагасы Себгатулла Мужадиди 502 делегатка кайрылып, баш мыйзамдын долбоорун колдоп берүүгө чакырганда, делегаттардын басымдуу көпчүлүгү ага өз макулдугун берди.

Ошентип, жарга кептелип турган Лойа Жырганын иши оң багытта улантылды. Улуу жыйынга катышып жаткан айрым саясий топтор өлкөнүн болочокку президентинин ыйгарым укуктары, улуттук азчылыктардын тилинин тагдыры сыяктуу маселелерде расмий Кабул менен келише албай жаткан. Эми дари жана пуштун тилдери өлкөнүн расмий тилдери катары кабыл алынууда. Оогандык өзбек саясатчылары өзбек тилин да үчүнчү расмий тил катары кабыл алууну талап кылышкан эле.

Ишемби күнү убактылуу бийликтин президенти Хамид Карзай жалпы делегаттарга кайрылып, Ооганстандын жаркын болочогу үчүн өз ара пикир келишпестиктерин жеңүүгө чакырган:

- Биз жалпы Ооганстан эли үчүн кызмат кыла турган улуттук баш мыйзамдын долбоорун карап жатабыз. Ар бир делегат аны колдоого тийиш. Эгерде Лойа Жырганын көпчүлүк өкүлдөрү аны макул тапса, анда иш жайында болот. Бирок Лойа Жырганын бардык өкүлдөрү аны кызуу колдоп берсе, бул – улуттук ынтымагыбыз үчүн мыкты иш болоор эле.

Расмий Кабул Лойа Жырганын ар кыл өкүлдөрү менен байма-бай сүйлөшүү жүргүзүп, аларды жалпы улуттук кызыкчылыкты жогору коюуга үндөп келди. Соңку кабарларга караганда, жаңы конституцияда хазара, өзбек сыяктуу майда улуттардын кызыкчылыктары да эске алынууда. Эми, жаңы баш мыйзамга ылайык, бул аз сандагы улуттардын өкүлдөрү жергиликтүү калк катары таанымал болгон салттык аймактарда мындай этностордун тили үчүнчү расмий тил деп жарыяланууда.

Дагы бир маселе – айрым ооган саясатчылардын кош атуулдугу менен байланыштуу. Консенсус менен жетишилген баш мыйзамга ылайык, эми кайсы бир саясатчынын кош атуулдугу бар болсо, андай саясатчыны министрликке дайындоо маселесин парламент атайын талкууга алууга тийиш. Демек, мындай коомдук ишмер да өлкөнүн саясий турмушунан четте калбайт.

Лойа Жырганын Ооганстандын жаңы конституциясын кабыл алганы тууралуу кабар эл аралык коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын өкүлү Лахдар Брахими жекшембиде Лойа Жырга тарабынан баш мыйзамдын кабыл алынышын Ооганстан үчүн олуттуу ийгилик катары баалады. Брахими мырза ооган саясатчыларын баш мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө келип чыккан ич-ара тирешүүнүн залакаларынан тез арада арылууга чакырды.

XS
SM
MD
LG