Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:04

АМЕРИКАЛЫК "СПИРИТ" МАРСКА БАРЫП КОНДУ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары. AКШнын космос агенттиги НАСА жиберген изилдөөчү "Спирит" аппараты Марска аман-эсен барып конду. "Спирит" Марста жашоо болгон-болбогонун изилдөөгө жиберилди. Ал жакын арада Кызыл планетанын кыртышын жана тоо-таштарын изилдөөгө киришет деп күтүлүүдө.

Бул ирет баары ойдогудай ишке ашып, "Спирит" аппараты план боюнча жекшембинин таңында Марска барып конду жана дароо эле Жерge сигнал жибере баштады.

Изилдөөчү роботтон белги түшө баштаганда НАСАнын Калифорниядагы "Жет Пропалшн" лабораториясынын окумуштуулары орундарынан тура калышып, бир бирин кучактап, куттуктап жатышты.

Ал эми НАСАнын администратору Шон Окифе пресс-конференцияда шампан ачты. "Бул - НАСА үчүн кубанычтуу көз ирмем, биз Марска кайтып бардык", - деди ал. Буга чейин 1998- жана 1999-жылы НАСА Марста эки ракетасын жоготкон эле. Калифорниянын Пасадена шаарындагы кабарчылар менен жолугушууга НАСАнын администраторунун келишинин өзү 820 миллион доллар сарпталган бул миссиянын АКШнын космос программасы үчүн зор мааниге ээ экендигин айгинеледи. Миссиянын чегинде дагы эки аппарат азыр Марсты көздөп учуп баратышат.

Окумуштуулардын айтымында, жети ай жол кезген "Спирит" ракетасы Марстын атмосферасын алты мүнөттө басып өтүп, планетанын экваторунан түштүктөгү кратердин ичине келип түштү. Аба толтурулган жаздыкчалардан улам 175 килограм салмактагы, алты дөңгөлөктүү аппарат бир нече ирет секирип барып, токтолду.

"Спирит" Марска конгон тапта үстүдө өтүп бараткан "Одиссей" космос кемеси менен 12 мүнөт байланышта болуп, тартып алууга үлгүргөн сүрөттөрдү жиберди. "Сүрөттөрдүн сапаты абдан мыкты. Буга чейинкилеринен алда-канча жакшы, мындан сапаттуу болушу мүмкүн эмес эле", - деп билдирди Марска изилдөөчү ракетаны жөнөткөн илимий топтун жетекчиси Жонн Каллас. Пасадена шаарындагы НАСА лабораториясынын кулач жеткис экранынан Марстан жаңы түшкөн сүрөттөр көрсөтүлүүдө.

"Спирит" камералар жана башка жабдыктар менен жабдылган. Ал жакын арада Марстын аска-зоолорун жана топурагын изилдеп баштамакчы. Изилдөөнүн максаты – планетада жашоого жагымдуу жылуу жана нымдуу аймактар болгон болбогонун аныктоо.

Америкалыктардын Марс миссиясынын ийгилигине төбөсү көккө жетип турганда, европалык окумуштуулар өткөн айда дайынсыз жоголгон ракетасынан үмүтүн үзбөй, Кызыл планетадан саргарып сигнал күтүшүүдө. Европалык Космос агенттиги жиберген "Бигл-2" Марска 25-декабрда жетиши керек эле. Бирок "Биглдин" аман-эсен конгону тууралуу алигиче эч белги боло элек.

Жалпысынан, адам баласы Марска жөнөткөн ракеталардын жарымынан ашыгы талкаланып, же дайынсыз жоголгон.
XS
SM
MD
LG