Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

БИН ЛАДЕН МУСУЛМАНДАРДЫ ЫЙЫК СОГУШУН УЛАНТУУГА ЧАКЫРДЫ


Террордук “ал-Каида” уюмунун жетекчиси Осама бин Ладен мусулмандарды ыйык согушун улантууга чакырды. Анын билдирүүсүн Катардан обого чыгуучу "Aл-Жазира" сателлит телеканалы уктурду. Үн тасманын чынында да номер биринчи террорист деп санаган адамга тийешелүү болгон-болбогону текшерилип жатат.

Осама бин Ладен Иракта жана Жакынкы Чыгышта ислам улутуна каршы багытталган кутум бар деп эсептейт. 4-январда эфирге чыккан үн тасмада ал Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин декабрь айында кармалганына да кайрылып, Иракка каршы АКШ баштаган согушту "Перс булуңундагы мунайга бай өлкөлөрдүн баарын басып алуунун башаты" деп баалады.

Тасмадагы үндүн чынында да бин Ладендики экенин азыр АКШнын ЦРУ жана башка тийиштүү чалгын кызматтары текшерип жатышат. "Ал-Жазира" телеканалынын баш редактору Ибрахим Халил билдирүүнүн алардын колуна жекшембиде тийгенин Ассошиэйтед Пресс агенттигине маалымдады, бирок анын кандайча жеткирилгенин айтуудан баш тартты. Тасмадагы билдирүү 47 мүнөт экен, "ал-Жазира" анын 14 мүнөтүн гана эфирден уктурду.

Мына ушул элге угузулган сөзүндө Осама бин Ладен мусулмандарды "Ислам дүйнөсүн каапырлардын куралдуу оккупациясынан бошотууга" чакырды. Ал ошондой эле мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерин палестин маселесинде АКШга кысым көрсөтүүдөн баш тартып, палестиндердин боштондук кыймылын колдообой жатканын сынга алды. Ал Перс булуңундагы өлкөлөрдүн Ирактын АКШ дайындаган Башкаруу кеңешин тааныганын осол иш деп эсептейт. "Арабдардын жана мусулмандардын абалынын начарлашы башкаруунун түпнегиз программасы катары исламды кабыл албай жатышкандыгынан болуп жатат" деп ырастаган бин Ладен учурдагы араб лидерлерин алмаштырып, бул өлкөлөрдүн бирдей позициядан чыгышын жолго сала турган кеңеш түзүүнү сунуш кылды.

Ал мындан тышкары Жакынкы Чыгыш кризисин диний жана экономикалык согуш деп сыпаттап, "ири өлкөлөр мунайга бай аймакты өз колуна алуунун айла-амалында болуп жатат" деп айтты. "Ирактын оккупациясы - Перс булуңундагы калган өлкөлөрдү толугу менен каратып алуунун башталышы гана, дүйнөдөгү эң ири мунай кендери ушул жакта болгондуктан, ири дөөлөттөрдүн көз карашында, дүйнөнү көзөмөлдөө үчүн бул аймак чечүүчү мааниге ээ", - деди тасмадагы үн.

"Ал-Жазиранын" баш редактору Халилдин айтымында, ал бин Ладенге тийешелүү деп ишенет. "Бин Ладендин кылдат жана өзгөчөлөнгөн араб тилин туураш өтө кыйын" деп билдирди ал.

"Ал-Жазира" бин Ладендики делген дагы бир үн тасманы октябрь айында уктурган эле. ЦРУнун аналитиктери аны текшерип чыккандан кийин "тасмадагы үн бин Ладенге эле тийешелүү болуш керек" деген жыйынтыкка келишкен.

XS
SM
MD
LG