Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Индиядан ишкер делегация келет


БИШКЕК. 14-январда Кыргызстанга Индиянын экспорт менен иштөөчү уюмдарынын ассоциациясынын делегациясы келет. Мындай маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинен алынды. Тутумуна 26 ишкер кирген делегацияны Индиянын мамлекеттик коммерция министри Сатья Брата Мукерджи баштап келет. Максат - Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы соода-экономикалык алаканы жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Делегация премьер-министр Николай Танаев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган мамлекеттик кызматкерлердин кабыл алуусунда болот. Жолугушууларда Кыргызстан менен Индиянын ортосунда туризм багытында, дары-дармек чыгарууда жана айыл-чарба продукцияларын иштетүүдө кызматташтыкты чыңдоо боюнча маселелер талкууланат.

XS
SM
MD
LG