Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

ТБИЛИСИ МЕНЕН МАСКӨӨНҮН АЛАКАСЫ ОҢОЛОБУ?


Грузияда АКШда билим алган, жаш жана Батышка көбүрөөк ык тарткан саясатчынын бийликке келишин Маскөө салкын кабыл алды. Эдуард Шеварднадзе ноябрь айында отставкага кеткенден кийин Тбилисинин түндүктөгү күч-кубаттуу коңшусу менен мамилеси оңду-солду чайпалып, тең салмакка келе албай жатат. Михаил Саакашвилинин президенттиги Маскөөнүн Кавказда үстөмөндүгүн сактап калуу далалатына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Грузияда Орусиянын таасиринен тышкары чөйрөдө билим алган, ары жаш, ары батышчыл президент бийликке келүүдө. Ошондуктан анын "Орусияны бизге Жараткан өзү берген, орустар Кавказды канча жүз жыл мурда басып алгандыктан, бизди бийлегенге бардык укугу бар" деп айтышын элестетүү да мүмкүн эмес. Ошентсе да, өткөн жекшембидеги шайлоодо добуштардын 96 пайызын алгандыгы айтылып жаткан 36 жаштагы Михаил Саакашвили Орусия менен байланыштарды жакшыртып, кызматташттыкты күч алдырууга сөз берди:

- Грузиянын жаңы жектекчилигинин башкы приоритеттеринин бири Орусия Федерациясы менен алда-канча жакын, жылуу жана достук мамиле түзүү болуп саналат. Албетте, биздин өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз, супердержава болгон Орусиянын өзүнүн улуттук кызыкчылыктары бар. Бирок биз алакабызды нукка салып, мамилелерибиздин жаңы доорун баштоо үчүн, сөзсүз орток позиция таба алабыз.

Деген менен, байкоочулар Грузия экономикалык кризистин сазына батып, сепаратизм проблемасы алкымдан алып турган азыркы тапта эки тарап тең ийкемдүүлүк көрсөтүп, дипломатиялык сергектик талап этилээрин белгилешүүдө.

Буга чейин Грузия Орусияны Ажария, Түштүк Осетия, Абхазиядагы сепаратизмди шыкактайт деп айыптаса, Маскөө Тбилисини "чечен сепаратисттерин" колдойт деп, Грузиянын тоолуу аймактарын бомбалаганга чейин барган.

Батыш Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып, Саакашвилинин шайланышы боюнча Кремль расмий билдирүү жасай элек. Орусиялык саясат таануучу Андрей Пионтковский буга чейин Маскөөнүн сөзү менен иши анчейин айкалышпай келгенин мындайча эскертти:

- Орусиянын президенти саясий көз караштан туура билдирүүлөрдү жасайт. "Биз Грузиянын аймактык бүтүндүгүн колдойбуз" деп айтат. Чеченстанды эске алганда, минтип айтпаса да таң калыштуу болмок. Бирок иш жүзүндө Абхазияда орус паспортторун таркатып, Маскөөдө саясатчылар ар башканы сүйлөшөт. Мунун баары - Грузиянын чачырап кетишине алып келүүчү кадамдар.

Эдуард Шеварднадзе Саакашвили баштаган оппозициянын кысымы менен президенттиктен кетүүгө аргасыз болгондон кийин Маскөө кайрадан Грузиянын автономдуу аймактары менен ымалага басым жасай баштады. Шеварднадзе кеткенден бир жума өтпөй, Түштүк Осетия менен Абхазиянын жана Ажариянын жетекчилери Маскөөдө чогулуп, жыйын курушту. Маскөө дароо Ажарияга карата виза режимин жумшартып, Грузиядагы орус аскерлерин алып кетүүгө дагы 11 жыл керек болот деп жарыялады. Ошол эле мезгилде Владимир Путин өткөн айда президенттин кызматын аткарып жаткан Нино Буржанадзени Маскөөгө чакырып, айрыкча салкын тартып бараткан орток мамилени сактап калгандай болду. Буржанадзе Путин менен сүйлөшүү ачык-айрым мүнөздө өттү деп билдирди.

Орток мамиленин келечеги Кремлдеги көшөгө артындагы күчтөрдүн таймашына да көз каранды. Пионтковскийдин айтымында, жакында президенттик администрациянын жетекчиси Александр Волошин отставкага кеткенде, Кремлдеги Орусия менен Грузиянын кызматташтыгын колдогон күчтөр жоготууга учурашты. Волошин мындай кызматташтыктын башкы жактоочусу болчу. Натыйжада, Кремль тараза ташы "империалисттик" турумга ык тарткан күчтөрдүн тарабын көздөй ооду:

- Таймаш Батыш менен тирешүүнү жактаган күчтөрдүн жана пост-советтик мейкиндикте Орусиянын империалисттик саясат жүргүзүшүн жактагандардын жеңиши менен аяктады.

Пионтковскийдин айтымында, жеңишке жеткен күчтөр саясатта да, экономикада да чоң таасирге ээ.

Өз ара ишенимди калыбына келтирүү үчүн, тараптар ак ниеттерин кагазга түшүрүп, келишим түзүштөрү керек шекилдүү. Бул тууралуу грузиялык саясий аналитик Сосо Цесаскаришвили "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Орусия менен Грузиянын алакасы кызматташттык жана достук келишиминин чегинде кол коюу аркылуу кагаз бетинде аныкталып, такталышы керек. Ошондон кийин гана аймактык проблемаларга көңүл буруп, тирешүүнү түп-тамырынан жое алабыз.

Ал эми Грузияга катаң мамиле жасоону жактаган Күнкорсуз Мамлекеттер Шериктештиги институтунун аналитиги Михаил Александров "Маскөө Тибилисиден Орусиянын таасир чөйрөсүндө калаарынын кепилдигин алууга аракеттенет" деп билдирди. Анын сөзү боюнча, бул үчүн Грузия башка иш-чаралардын арасында орус аскер базаларынын Грузияда кала беришине макул болуп, НАТОго кошулбай, нейтралдуулугун сактап калууга убада кылышы керек болот.

XS
SM
MD
LG