Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Баткенде облустук телекөрсөтүү ачылды


БАТКЕН. Облустук акимчиликтин аппарат башчысы Каныбек Жороевдон 7-январда алынган маалыматка караганда, телекөрсөтүүнүн чакан жамааттан турган чыгармачылык тобу жаңы жылдан тартып өз ишин баштады. Алар азырынча колдо бар мүмкүнчүлүктү пайдаланып иштеп турушмакчы. Телекөрсөтүү 11-январда 4 сааттык алгачкы берүү менен облус аймагына обого чыгуусу күтүлүүдө. Андан ары ар жекшемби сайын облус аймагына 4 сааттан, ал эми Кыргыз улуттук телекөрсөтүү аркылуу өлкө аймагына айына эки жолу жарым сааттан обого чыгуусу болжолдонууда. Учурда облустук телекөрсөтүүнү баардык шарты бар жаңы студия жана тиешелүү жабдуулар менен камсыздоого аракеттер көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG