БИШКЕК. Март айына чейин Ооганстанда жашаган кыргыздарды көчүрүп келүү маселелери боюнча ведомстволор аралык мамлекеттик комиссия түзүлөт. Бул жөнүндө бүгүн Тышкы иштер министрлигинин алдындагы миграция боюнча департаменттин кызматкери Игорь Громов маалымдады. Өткөн жылы Ооган кыргыздарынын 900гө жакын түтүнү тарыхый мекенге көчүп келүүсүнө көмөктөшүүнү өтүнгөн кайрылууну кыргыз өкмөтүнө жолдогон. 2003-жылы Ооганстандан 3 гана үй-бүлө Кыргызстанга көчүп келген.