Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Вашингтондо жарыяланган көз карандысыз отчетто Ирак чынында АКШ үчүн анчалык деле коркунуч келтирбегени айтылган


Документте, андан тышкары, Саддам Хусейндин "Ал-Каида" уюму менен байланышы болгону азырынча далилденбегени белгиленген. АКШдагы таасирдүү уюм – Эл аралык бейпилдик үчүн Карнеги кору даярдаган ал отчетто президент Буштун администрациясы Ирактын коркунучу тууралуу апыртылган маалымат таратып турганы баяндалган. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бул документке каяша пикирин билдирип, Ирактын массалык кыргын салуучу куралы болгонуна ишенээрин кайталады. "Карнеги корунун өкүлдөрү биз Ирактын коркунучун ашыра чаап жибергенбиз деген ойдо. Алар “андай коркунуч болгон эмес” деген жери жок. Ирактын массалык кыргын салуучу курал даярдоо программасы жана ошондой куралы болгонун, ал өз убагында Иранга жана Ирактын элине каршы пайдаланылганын эч ким тана албайт", - деди Пауэлл. Ал Саддам Хусейн менен "Ал-Каиданын" мамиле-катышы болгонунан күмөн санабаганын белгилеп, бирок азырынча анын анык далили жок экенин моюнга алды.

XS
SM
MD
LG