Делиден учкан самолет бүгүн Лахор шаарына келип конду. Жакынкы аралыкта Бомбей-Карачи каттамы да ачылат. Эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдары мындан эки жыл мурда токтоп калган эле. Пакистандык экстремисттер индустардын парламентине кол салып, эки өлкө аз жерден согуша кете жаздаган.