Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

БАСМА СӨЗ КЫЗМАТТАРЫ КЫЗМАТТАШТЫККА ДАЯРБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Президенттин басма сөз кызматы министрлик жана мамлекеттик мекмелердин маалымат кызматтарынын ишин таразалаш үчүн журналисттер арасында сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгында биринчи орунду Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы, экинчини Саламаттык сактоо министрлигинин кызматы, андан кийинки орунду Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы алды. Мамлекеттик мекеме-уюмдардын басма сөз кызматтары кандай иштеп жатат, алар берген маалыматтар журналисттерди канааттандырабы?

Кыргызстанда мамлекеттик стуктураларда баш-аягы 32 маалымат кызматы бар. Милдети - ошол мекемеге тиешеси бар иштер тууралуу журналисттерге маалымат берүү, жаңылыктарды коомчулукка жеткирүү. Министрликтин же мамлекеттик кайсы бир мекеменин кадыр - баркы жана эл арасындагы аброю да басма сөз кызматынын ишине байланыштуу болору дайын.
Басма сөз кызматында иштегендердин ичинен эң тажрыйбалуусу - Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов. Ал баш-аягы онго жакын министр менен иштешти. Ж. Бусурманкуловдун айтымында, маалымат кызматы ачык - айкын иштеши үчүн жетекчилик тараптан колдоо болушу керек:
- Журналист сураган маалыматты бере албай, аквариумдагы айнекке урунуп аткан балыктай болуп, чайналып тургандан өткөн кыйынчылык барбы? Эгерде жетекчилик журналисттер менен ачык - айкын иштешүүгө мүмкүндүк бербей турса, анда андан өткөн оор нерсе жок. Мына мен канча министр менен иштештим, мага бул жагынан кудай берген. Азыркы министр дагы «массалык маалымат каражаттары сураган кабарды өз убагында камсыз кылгыла» деп турат.
Жолдошбек Бусурманкулов журналисттерге басма сөз кызматтарынан кантип маалымат алыш керектиги тууралуу сырын минтип бөлүштү:
- Менин да журналисттерге бир аз доом бар. Айрыкча жаш журналисттер телефон чалып «мен радиодонмун, ушундай маалымат керек эле» дейт. Биринчиден, радио десе эле коркуп кетпейм да, туурабы? Анан аларга мен «сен биринчи сөзүң менен эле мени өзүңө тартышың керек, аялыма айтпай жүргөн сырымды да айтып салгыдай болуш керек» дейм. «Сен болсо биринчи сөзүң менен эле мени өзүңдөн алыстатып атасың» деп аларды тарбиялап да коюп жүрөм.
Жалалабад облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Орозалы Карасартов болсо маалыматты так жана оперативдүү таратууда проблемалар жок эмес дейт. «Кайсы бир маалыматты журналисттерге берип койгонуңуз үчүн басым болгонбу?» деген суроого мисал катары бир окуяны айтып берди. Чаткалда куралчан адамдар жүргөнү тууралуу кабарды биринчи болуп таратып жибергенде Улуттук коопсуздук кызматы ага атайын эскертүү кылган. Бирок, эртеси эле Ички иштер министри бул окуя тууралуу ырасмий билдирүү жасагандан кийин Улуттук коопсуздук кызматы унчукпай калган.
Журналисттер болсо басма сөз кызматтарынын ишине ар кыл баа беришүүдө. Атын атагысы келбеген редактор соңку айларда премьер-министрдин маалымат кызматы ишин солгундатып жибергенин айтты. Анын ою боюнча, парламенттин эки палатасынын басма сөз кызматтары ачык – айкын, эч кимден чочулабай иштешет.
Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин пикиринде, басма сөз кызматтарында акыркы жылдарда жакшы жылыштар бар:
- Мурункуга салыштырмалуу басма сөз кызматтары ачык - айкын, так жана оперативдүү иштеп жатат. Бир топ мекемелерде бул орган жаңы түзүлүп, ишке көнүп аткан мезгил артта калды. Учурда басма сөз кызматтары профессионалдык жактан өстү десем жаңылбайм. Биз өткөргөн сурамжылоого 75 маалымат каражаттары катышкан. Анда берилген жооптордон деле бул тармакта жылыштар болуп атканы көрүнүп турат.
Ушул өңдүү пикир журналисттер арасында да кездешет. Би Би Си радиосунун журналисти Кубат Чекиров басма сөз кызматтары мурунку деңгээлинен бир кыйла өстү деген пикирде. «Мыкты деп айта албасак да көз алдыда өсүү бар», - дейт К. Чекиров.
XS
SM
MD
LG