Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

«Демократия» бейөкмөт уюму Кытайдагы уйгур атуулдарынын абалы боюнча кайрылуу таратты


БИШКЕК. Кыргызстандагы «Демократия» аттуу укук коргоо уюму Кытайдагы уйгурлардын укуктарын коргоого таасир көрсөтүү сунушу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысына, АКШ, Германия, Орусия, Улуу Британия, Түркия жана Казакстандын мамлекет башчыларына кайрылуу жолдоду. Кайрылуу ээлери саясий туткундарды өлүм жазасына тартуу, Чыгыш Түркистанга кытай улутундагыларды көчүрүүнү токтотуу жана Чыгыш Түркистандагы жергиликтүү калктын укуктарын сыйлоо маселелери боюнча Кытай бийлигине таасир көрсөтүүнү суранган. «Демократия» уюму Кытайдын коомдук коопсуздук министрлигинин «уйгур террористтик уюмдары» жөнүндөгү билдирүүлөрүн жалаа деп эсептеген. Уйгурларды АКШнын «Гуантанамо» авиабазасынан Кытайга депортациялоону токтотууга таасир этүүгө жана саясий башпаанек сурап келген Чыгыш Түркстандыктарды депортациялап жаткан Непал, Казакстан, Кыргызстан өкмөттөрүн айыптоого чакырган.

XS
SM
MD
LG