Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

КЫРГЫЗСТАН ЫСЫККӨЛДҮН ЖЭЭГИНДЕГИ 5 ПАНСИОНАТТЫ КАЗАКСТАНГА БЕРҮҮГӨ МАКУЛ БОЛДУ


Президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик делегация өткөн жылдын 25-декабрында Казакстанга ырасмий сапар менен барган. Анын жыйынтыгына ылайык Кыргызстан өзүнүн аймагында жайгашкан Казакстандын мүлктөрүн алардын менчиги катары тааныганы белгилүү болду. Талдоочулар кеп ириде - Ысыккөлдүн жээгинде жайгашкан, мурдатан талаштуу деп эсептелип келген пансионаттардын Казакстандын ээлигине биротоло өткөнү тууралуу жүрүп жатат дешет.

Совет биримдиги кулагандан кийин ар бир республика өз алдынча мамлекет болуп, мүлктөрүн тактай баштаганы белгилүү. Бирок, кыргыз бийлиги Ысыккөлдүн жээгиндеги Казак совет республикасына тиешелүү делген «Казакстан», «Аламата көңүл ачуу жайы», «Каз ГУ» баштаган, жана Өзбек совет республикасына таандык делген «Рохат», «Дилором» сыяктуу эс алуу жайларын эгемендик алгандан кийин өз менчигине өткөрүп алган эмес. Натыйжада, Казакстан менен Өзбекстан аталган пансионаттарды Кыргызстандагы өзүнүн толук кандуу эс алуу жайлары, башкача айтканда, менчиги катары карап, алардын таламын мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдө дайыма коргоп келген.

Президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик делегациянын өткөн жылдын 25-декабрында Казакстанга жасаган ырасмий сапары учурунда тараптар бул маселе тууралуу бир жыйынтыкка келишти. Вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун айтымында, кыргыз тарап буга чейин эле Ысыккөлдүн жээгиндеги 5 пансионатты Казакстандын менчиги катары таанып келген, болгону бул жолу аларды биротоло мыйзамдаштырып коюу тууралуу гана бир пикирге келишти:

- Алар пансионаттарды өз каражатына курушкан. Бирок, көп жылдан бери ал жакка инвестиция алып келбей жатышат. Алар: «силер менчигибизди мыйзамдаштырып бергиле, анан биз ал жакка акча салабыз» дешти. Эми юридикалык жактан мыйзамдаштырабыз. Анткени, эс алуу жайлары алардыкы, биз аларды кайра албайбыз.

25-декабрда Астанадагы эки тараптуу сүйлөшүүлөргө катышып келген Тышкы соода жана өнөр жай министри Садридин Жээнбековдин көз-карашында, казак тарап Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык баардык документтерди тууралагандан кийин гана менчик ээси деген күбөлүк алышат:

- Ысыккөлдөгү объекттер боюнча кызыктуу сүйлөшүү жүрдү. Биз мындай жыйынтыкка келдик: алар Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык баардык жараяндардан өткөндөн кийин, менчик ээси деген күбөлүк алышат. Ал пансионаттарды алып албайбыз, алардын менчиги катары тааныйбыз.

Садридин Жээнбековдун айтымында, казак тарап пансионаттарды мамлекеттик баалоодон өткөрүүгө, керек болсо, белгилүү бир өлчөмдөгү акча төлөп берип, кыскасы, менчиктештирүүнүн жол-жоболорун жасашы керек.

Ысыккөлдүн жээгиндеги аталган эс алуу жайларынын буга чейин биротоло Казакстандын менчигине өтүп кетпей, талаштуу болуп келгенинин мыйзамдык бир өз себеби бар. 1992 – жылы 9-октябрда Шериктеш мамлекеттерге мүчө өлкөлөр «Менчик укугун өз ара таануу жана жөнгө салуу жөнүндө келишимге» кол коюшкан. Келишим ага кол койгон мамлекеттердин парламенттеринен ратификациядан өткөндөн кийин гана күчүнө кирмек. Аталган келишимге ылайык, мамлекеттер өз аймагындагы мүлктөрдү өзүнүн менчиги катары таанып, ага келишимге кол койгон башка мамлекеттер макулдугун берген.

Бирок, ал келишимдин 4-беренесине ылайык башка республиканын аймагындагы кайсы бир республиканын акчасына курулган эс алуу, туристтик жайлар ошол акча бөлгөн республиканын менчиги деп саналмак. Бирок, Кыргызстандын «легендарлуу парламенти» өз убагында эгер бул беренени жактырса Ысыккөлдүн жээгиндеги пансионаттардын айрымдары коңшуларга өтөөрүн билип, ал 4-беренени ратификациялаган эмес. Бул окуя тарыхта «легендарлуу парламент» деген ат менен калган Жогорку Кеңештин андагы төрагасы Медеткан Шеримкуловдун да эсинде бар экен:

- Эсимде, - деди Медеткан Шеримкулов, - Ал маселе катуу талкууланып, кызыл чеке талаштар жүргөн. Мен ал берененин кабыл алынышына каршы болгом. Ошондо Ысыккөлдөгү «Рахат», «Казакстан» деген санаторийлердин маселеси чыгып калган. Мен аларды жөн гана берип салбайлы, өз ара эсептешүүлөр жүргөндөн кийин гана чечим кабыл алалы дегем. Биздин жерде алардын менчиги болушу мүмкүн эмес эле да.

Коомдо Кыргызстан өз аймагындагы айрым пансионаттарды коңшуларга жөн гана берип койгону туура эмес деген пикирлер арбын:

- «Соодада достук жок» дейт. Казак менен кыргыз бир тууган, бирок ошого карабай, бир эсептешүүлөр болуш керек. Анан жөн эле берип коюш бүгүнкү базар экономикасынын шартына да, биздин өнүгүшүбүзгө да туура келбеген нерсе, - деди Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына Ысыккөлдөн шайланган депутат Жангороз Каниметов.

Айтор, Ысыккөлдөгү Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы талаштуу делген эс алуу жайларынын тагдыры ушинтип чечилгенсиди. Эми Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда келаткан эс алуу жайларынын эртеңи кандай болоору азырынча белгисиз...

XS
SM
MD
LG