«Урматтуу мекендештер! Жаңы 2004-жыл Кыргызстандын келечеги үчүн чечүүчү жыл болот. Анткени быйыл 2005-жылы боло турган президенттик жана Жогорку Кеңешке шайлоолорго карата саясий күрөш курчуйт. Ага артында мамлекет башчы Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү турган «Алга, Кыргызстан!» партиясынын учурда жер-жерлерде жүргүзгөн иш-аракеттери далил». «Эл бийлиги үчүн» деп аталган жаңыдан түзүлгөн шайлоо блогу бүгүн ушундай мазмундагы кайрылууну жарыялашты. Шайлоо блогуна «Асаба», «КДК», «Кайран эл», «ЭрК», «Эркиндик», «Республика» партиялары кирген. Кайрылуунун орус тилиндеги котормосун Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алевтина Проненко, ал эми кыргызчасын «Кайран эл» партиясынын жетекчиси, депутат Дооронбек Садырбаев окуп берди:
- «Бүгүнкү бийлик ээлери өз бийлигин сактап калыш максатында кайрадан референдум өткөрүшүп, президенттин мөөнөтүн узартып коюуну же күтүлбөгөн жерден мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо менен президенттикке да, парламентке да өз адамдарын алып келиши же башка мыйзамсыз жолдорго барышы мүмкүн. Биз барына сиздер менен бирге даяр болуп, эч кимге мыйзамдарды, шайлоочулардын укуктарын бузууга жол бербешибиз керек. Анткени, Кыргызстандын келечеги бүгүнкү бийликтин кетиши же кайрадан бийликте калышы менен аныкталат. Башка жол жок!»
Кайрылуу ээлери биригүүнүн башкы максатын төмөндөгүчө түшүндүрүштү, (кайрылууну Дооронбек Садырбаевден угалы:)
- Биздин жакынкы максатыбыз - адилет, таза шайлоо өткөрүүгө жана ал шайлоодо президенттик орунга бир талапкер менен чыгып, жеңишке жетишүү. Кыргызстандын эли жана жери үчүн кам көргөн чыныгы эл өкүлдөрүн Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоолордо марага сүрөп чыгып, тынч өткөн шайлоо жолу менен мамлекеттик бийлик бутактарынын алмашуусуна жетишүү.
Дооронбек Садырбаевдин айтымында, саясий бирикменин түпкү максаты булар:
- Түпкү максатыбыз, элди башкарганды билбей, тескегенди, кордогонду жана элдин байлыгын уурдаганды гана билген, улуттук арнамыс, руханий дөөлөттөрдүн, тилдин, дилдин ата-бабадан мурас катары сакталып келген ата-мекенибиздин ыйыктыгын сезбеген, түшүнбөгөн, бир үй-бүлө үчүн гана кызмат кылган бийликтин авторитардык системасын түп тамырынан бери жок кылып, Кыргызстандын жалпы элине гана кызмат кылган, бийлик бутактары бар мамлекет түзүш болуп эсептелет.
Жыйындын катышуучуларынын маалыматы боюнча, жакынкы күндөрдө блокко «Кыргызстандын коммунистер партиясы» жана башка айрым партиялар кирээри күтүлүүдө. Ал эми журналисттердин «келечекте президенттикке бирдиктүү талапкер катары кимди алып чыгасыңар?» деген суроосуна «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев мындай жооп берди:
- Оң жагын, сол жагын, алды-артын карап туруп, эң акырында социологиялык иликтөө жүргүзүшкөн тигил же бул коомдук уюмдардын иликтөөсүнүн жыйынтыгына жараша бирдиктүү бир талапкерди алып чыгабыз. Азырынча биз бул суроого ачык жооп бере албайбыз.
««Эл бийлиги үчүн» блогу «Арнамыс», «Атамекен», Эл жана «Социал демократиялык партиядан турган Элдик конгресс менен биригеби?» деген суроого «Асаба» партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаров мындай жооп узатты:
- Элдик конгресс менен биз сөзсүз биригебиз. Анткени, буга чейин Элдик конгресс менен биздин ортобузда эч качан пикир келишпөөчүлүк болгон эмес.
Айрым жогорку бийликтин өкүлдөрү оппозициячыл маанайдагы партиялардын мындай кадамына карата пикир айтуудан баш тартышты.