Депутат Дүйшөн Чотоновдун маалымдоосуна караганда,президент Аскар Акаевдин дагы бир жолу президенттик шайлоого катыша алар-албасын тактоо максатында, ал Жогорку Кеңештин эки палатасынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттерине өткөн жылы кайрылган. Адегенде, Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети «Аскар Акаев катыша албайт» деген чечим чыгарып берген. Бирок өткөн жылдын аягында Эл өкүлдөр жыйынынын комитети «Аскар Акаев шайлоого катыша алат» деген корутундусун чыгарган. Маселени тактоо үчүн мына ушул эки чечимди Конституциялык сотко берерин депутат Дүйшөн Чотонов мындайча билдирди:
- Ошол эки чечимдин акыркысын эки-үч күн мурун алдым. Эми калган документтерди чогултуп, Конституциялык сотко бир-эки күндүн ичинде тапшырам.
- Ошол эки чечимдин акыркысын эки-үч күн мурун алдым. Эми калган документтерди чогултуп, Конституциялык сотко бир-эки күндүн ичинде тапшырам.