«Михаил Ходорковский абактан бошотулбайт!» Москва шаардык соту дал ушул өкүмү менен буга чейин Басман райондук соту чыгарган өкүмдүн мыйзамдуулугун айгилинеди.
Сот жараяны, буга чейинкисинен айырмаланып, ачык өттү жана ага Ходорковский «Матросская тишина» түрмөсүнөн видео-байланыш аркылуу катыша алды. Анын жүрүшүндө Ходорковскийдин адвокаттары ишкерди абактан бошотуу керектигин, ал Орусиядан сыртка чыкпай тургандыгын жана тергөө ишинин жүрүшүнө эч кандай таасир тийгизбей тургандыгын айтышты. Буга карабастан, сот Басман райондук сотунун чечимин өз күчүндө калтырууну туура көрдү.
Орусиядагы эң бай адам, ЮКОС мунай компаниясынын буга чейинки кожоюну Михаил Ходорковский өткөн жылдын 25-октябрында Новосибирск шаарында кармалып, ошол эле күнү Басман райондук сотунун чечими менен абакка алынган. Ал эми ноябрда ал ЮКОС компаниясынын жетекчилигинен кетет.
Орусиянын башкы прокуратурасы Ходорковскийге «көз бойомочулукка барып, ири суммадагы каражатты өзүнө өткөрүп алган», «салык төлөөдөн качкан» деп, Кылмыш кодексинин 7 беренеси боюнча айып такты. Ал эми ишкер өзү бул айыптарды четке кагып келет.
Ходорковскийдин адвокаты Карина Москаленконун айтымында, эгерде ишкер абактан бошотулса, мындан ары “коомдук ишмердүүлүк менен алектене тургандыгын» билдирген.
Бул өңдүү сөздөрдүн жаралышын учурда президенттикке талапкер катары чыгып жаткан Ирина Хакамада жалпы эле орус бизнес чөйрөсүндө жаралган «коркунуч сезими» менен байланыштырды.
- Орусиялык бизнес – конформисттик бизнестин сөлөкөтүн берет жана бул эрежелерди толук өзгөртүүгө кызыкдар эмес. Эгерде ишкерлер аларды коргоп турушкан бийлик өкүлдөрүнө пара таштап, ушунун негизинде өз ишин жакшы алып кете турган болсо, анда ага башка нерсенин кереги жок. Ушундан улам, орус бизнеси саясатка киришип жатат деген ой туура эмес. Менимче, Ходорковскийдин үстүнөн кылмыш ишин козгоонун өзү ишкердик чөйрөсүнө чоң утуш алып келет. Анткени бийлик түзгөн баардык эрежелерге макулдугун берип келген конформисттик бизнесте коркунуч сезими пайда болду – бул, албетте, жакшы көрүнүш.
Ирина Хакамада ишкерлер тобунан чыккан айым. Орусиядагы ишкерлер туш болуп жаткан кыйынчылыктар жана алардагы кылмыштуулук менен жакындан тааныш. Анын ишениминде, азыркы расмий бийлик мамлекетте ишкердүүлүктүн ачык жүрүүсү үчүн, эн алгач, мыйзамды колдонуу-колдонбоонун чегин аныктап алуусу керек.
- Мында башкы максат – колдонууга мүмкүн боло турган мыйзамды колдонуу абзел деген түшүнүктү берет. Эгерде мыйзамды колдонуу мүмкүн болсо, анда аны атайылап эле колдонбой коюуу кылмыштуулук катарында таанылышы керек. Ошондо гана соттор тарабынан мыйзамды тандап колдонуу иши токтолот. Ходорковскийдин ишине эң күчтүү адвокаттар киришкен. Ал эми ушундай эле окуя райондук деңгээлде орун алса, анда ишкер өзүн өзү коргой албай калат жана ал жерде эмне болуп жатканын коомчулук такыр билбей калышы мүмкүн, - деп кооптонот Ирина Хакамада.