Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:40

ВАШИНГТОНДО ИРАКТЫН КЕЛЕЧЕГИ ТАЛКУУЛАНЫП ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 16-январда АКШнын Ирактагы убактылуу акимчилигинин жетекчиси Пол Бремер Вашингтондо президент Буш менен Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү маселесин талкуулап жатат. Көзмө-көз талкуу Иракта америкалык оккупациянын токтотулуусун жана жалпы шайлоонун өткөрүлүүсүн талап кылган демонстрациялар орун алган учурда өтүүдө.

15-яварда Ирактын Басра порттук шаарында миңдеген шиий мусулмандар демонстрацияга чыгышып, өлкөдөгү бийликти ирактыктардын өздөрүнө тез аранын ичинде өткөрүп берүүнү талап кылышты. "Америкалыктар жоголсун" деп ураан чакырган эл өлкөнүн жаңы жетекчилигин, Улуттар Уюму сунуш кылгандай тандоо жолу менен эмес, түз добуш берүү аркылуу шайлоого чакырышты. Ирактын Башкаруу Кеңешинин төрагасы Аднан Пачачи бейшембиде журналисттерге берген маалыматында, бийликти өткөрүп берүү жараянынын белгиленген 30-июндан кечеңдетилиши ирактыктардын наарызылыгын күчөтөөрүн айтты.

- Биз өткөөл өкмөттү 30-июнда шайлоону белгилегенбиз. Бийликти өткөрүп берүүнүн жана Ирактын суверендүүлүгүн калыбына келтирүүнүн кечеңдетилиши ирактыктардын терең нааразычылыгын жаратат. Мен ан анын кесепеттерин эч ким мойнуна алгысы келбейт го деп ойлойм, - деп эскертти Пачачи.

Пачачинин мындай эскертүүсүнүн жүйөөсү бар. Анткени, бийликти көп кечиктирбестен өткөрүп берүү маселесин кабыргасынан койуп жаткан шиий диний лидери Али ас-Систани андай болбосо Иракта фатва жарыялоого кесенди. Диний жетекчинин жардамчысы Аятолла Мохаммад Багир ал-Мури Ройтерге берген маалыматында:

- Эгер Систани фатва жарыялап жиберсе, эл АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн оккупациясына каршы жапырт демонстрацияга чыгат. Андай ахвал тандоо жолу менен дайындалган өкмөттүн маани-маңызын жокко чыгарат , - деп түшүндүрдү.

Фатванын жарыяланып кетиши АКШ аскерлерине аздыр-көптүр сабырдуу мамиле кылып жатышкан шиийлерди да америкалыктарга каршыктырып, өлкөнүн сунний азчылыгынан чыккан согушкерлер менен алпурушуп жаткан америкалык аскерлерди дээрлик колдоосуз калтырмакчы.

Бирок ирактыктардын талабын аткаруу - убактысы колдон чыгып бараткан азыркы учурда дээрлик мүмкүн эмес экени айкын. Бремер да, Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да шиийлердин өлкөнүн жаңы өкмөтүн түз шайлоо аркылуу тандоо жана бийликти ирактыктарга белгиленгенден эртерээк өткөрүп берүү, Иракта Жаңы Конституция али кабыл алына элек экенине, шайлоо мыйзамдары алигиче иштелип чыкпаганына байланыштуу, мүмкүн эмес экенин айтып жатышат.

Ошону менен бирге эле, азыр Иракта арабдар менен түркмөндөр Башкаруу Кеңешинин күрт өкүлдөрүнүн күрт улуттук азчылыгына кеңири автономия берүү пландарына каршы чыгып жатышат. Ирактын Түркмөн Фронту деп аталган партиялар коалициясынын башчысы Сами Мухаммед Дөнмез ал жетектеген уюм Ирактын биримдигин каны-жаны менен коргой турганын билдирди.

Пол Бремердин дүйшөмбү күнү Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан менен боло турган жолугушуусунда алдыда айтылган маселелер чөйрөсү талкууга алынат. Бремер уюмдан Ирактын өтө татаал өткөөл кезеңине белгиленген өтө жопкерчиликтүү иштин өтөлүнө чыгуу үчүн уюмдун жардамын сурамакчы. Жолугушууга Ирактын Башкаруу Кеңешинин айрым мүчөлөрү менен АКШнын жана Британиянын расмий өкүлдөрү да катышат.

XS
SM
MD
LG