Эки күндүк ишсапары менен Түркийага келген Еврокомиссийанын төрагасы Романо Проди кечээ Түркийанын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен көрүштү. Андан ары ал Түркийанын Улуттук Мажлисинде (парламентинде) чыгып сүйлөп, ЕБ менен Түркийанын мамилелерине оң баасын берди. Кийинки жылдардын ичинде ишке ашырылган реформалар жана алдыга шилтелген арымдуу кадамдар аркылуу Түркийа ЕБге кыйла жакындашкандыгын айткан Проди, реформалардын иш жүзүндө турмушка ашырылуусу жаатында көбүрөөк күч-кубат жумшалуусу зарыл экендигин да эскерте кетти.
Режеп Тайып Эрдоган болсо, Романо Проди жана Гүнтер Ферхойгендин урматына уйуштурулган кечээ кечки сый тамак учурунда, Түркийанын ЕБге кошулуусу үчүн алдыга койулган талаптардын тизмеси соңуна чыгып бараткандыгын белгилеп, ЕБ декабр айында чыгара турган Түркия тууралуу чечим сайасий мүнөздүү бир чечим боло тургандыгын айтты:
- Эми алга карай жылышыбыз керек. Декабрда чыга турган чечим - бүгүнгө чейин биз миңдеген оор мээнет менен өнүктүргөн мамилелердин талаптагыдай өз кадыресе нугунда улантылып кете берүүсү же кааланбаган багыттарга сүйрөлүп кетүүсүнүн бирин тандоо болмокчу.. Түркийа менен ЕБ 1963-жылкы Анкара келишиминен бери эки чоочун эмес, эки шериктеш болуп келатат. Же биргелеше утабыз же биргелеше уттурабыз. Биз көптөгөн убактыны текке кетирдик деп ишенебиз жана эми биргелеше утууну каалайбыз.
“Фундаментализм жана ушул өңдүү башка ар кыл экстремисттик аракеттер, ошондой эле террорчулук, негизинен кризис, жакырчылык жана туруксуздуктун жапасын тарткан коомдордо келип чыгат”, деп сөзүн уланткан Ердоган дин жаатында мындай деди:
- Түркийага 2004-жылда мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн дата белгилөө маселеси ислам ааламынын көз карашында ‘мусулмандардын Европада орду барбы же жокпу’ деген суроо менен өзөктөш болуп калды.
Романо Проди болсо ЕБ менен Түркийанын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнүн ишинде Түркийанын өкмөтү кошкон үзүрдүү салымдарга ыраазычылыгын билдирип, өкмөт башчы Эрдогандын башкаруусу астында катталган жол, көргөзүлгөн чечкиндүүлүк ар кандай мактоого арзый тургандыгы тууралуу оюн айтты:
- Өлкөңүз сиздин бийлигиңиздин тушунда болгондой деңгээлде алга карай ылдам илгерилей алган эмес болчу. Баарыбыз бир эле багытка карай жүрүп жатабыз. Диндик айырмачылыктардын бизди жикке бөлүүсүнө эч качан жол койбойбуз. Биздин орток тарыхыбыз бар жана мамилелерибиздин келечеги менен достугубуздун чыңдалышы - мойнубузга жүктөлгөн парз.
Романо Проди бүгүн Түркиянын президент Ахмет Неждет Сезер менен жолугушуп, Ататүрктүн кабырыстанына гүлчамбар койуу каадасынан кийин, сапарын улантып Истамбулга жөнөп кетти. Аны Түркийанын тышкы иштер министри Абдулла Гүл коштоп жүрөт.
Жергиликтүү серепчилердин оюна караганда, Эрдогандын өкмөтү жүргүзүп жаткан Түркиянын коомдук, сайасий жана экономикалык турмушун реформалоо жарайаны Ееврокомиссийанын төрагасынын өлкөгө жасаган ишсапары аркылуу кошумча күч-кайрат алгандай болду.