Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАРДЫН ТАБЫЛЫШЫНА КАРАТА САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


«Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Кулов айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн угуучу аппараттардын табылышына байланыштуу өз пикирин билдирди. Мындан тышкары, бир катар партиялардын лидерлери да бул окуя тууралуу өз ойлорун ачыкка чыгарышты.

Өлкөдөгү төрт партиянын башын бириктирген «Кыргызстан элдик конгрессинин» лидери Феликс Кулов өлкөдөгү урунттуу окуяларга карата дайыма өз пикирин билдирип келатат. Чуулгандуу саясий жаңжалга айланган тыңшоочу аппараттардын табылышына байланыштуу да Феликс Кулов өз пикирин билдирди. Аны «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев окуп берди:

- Негизинен, Феликс Шаршенбаевичтин айтканын минтип жыйынтыктаса болот: «бул ишке Улуттук коопсуздук кызматынын тиешеси жок» деп, анын төрагасы туура айтып жатат. Тагыраак айтканда, Калык Иманкулов «менин тиешем жок» деп жатат. Анткени, «мен 2 жыл гана иштеп жатам, мага чейин болгондур» деп жатат. Ошону менен Иманкулов өз сөзүн жүйөлөр менен бекемдеген. Ошондуктан ага ишенсе болот.

Феликс Куловдун пикиринде, мындай ишти “Ак Үйгө” жакын адамдар жасаган жана алардын максаты - оппозиция тарапта эмне болуп жаткан билип, президентке жеткирип туруу болгон.

Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков тыңшоочу аппараттын коюлушун мындай баалады:

- Мындай нерсе, орустар айткандай, «непозволительно». Анын эмне кереги бар эле? Парламентте мына ошол депутаттар мамлекетке, саясий түзүлүшкө каршы кутум уюштуруп жатпаса... Парламент - бийликтин бир бутагы. Ошол бир бутакка экинчи бир бутактын ошондой угуучу аппарат коюшунун өзү туура эмес.

Ишенбай Абдуразаковдун айтымында, тыңшоочу аппараттар өкмөттүк байланыш линиясына туташтырылгандыктан, бул өкмөттүк структураларга маалым болгон. Ишенбай Абдуразаков «бул ишти депутаттардын өзү эле жасап койду» дегендерге кошула албастыгын билдирди.

Ал эми «Алга, Кыргызстан» партиясынын жооптуу катчысы Мелис Жунушалиев «тыңшоочу аппараттарды оппозициялык депутаттардын өздөрү эле атайын коюшту, бул - шайлоо алдындагы акция» деген ойлорго кошула турганын айтат:

- Тыңшоочу аппараттар азыркы замандын жабдууларына окшошпой турат. Ошондуктан биз «бул - провокация» деген ойго кошулабыз. Ага биздин Улуттук коопсуздук кызматынын тиешеси жок.

«Менин өлкөм» партиясынын координаторлорунун бири Галина Куликова партия бул маселе боюнча талкуу өткөрө электигин айтты. Бирок, «бул өзүмдүн оюм» деп, Куликова мындай пикирин билдирди:

- Бардык цивилизациялуу өлкөлөрдөгүдөй эле, бул таң калууну жана наарызылыкты пайда кылаары турган иш. «Биз укуктук өлкөдө жашайбыз» деп, Конституция баштаган мыйзамдар аркылуу андай иштерге тыюу салганбыз. Анан эле капысынан мыйзам чыгаруучу куттуу үйдөн жашыруун аппараттын табылышы таң калууну жана нааразылыкты гана пайда кылат экен. Андан башка сезим жок менде.

Айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттардын табылышына байланыштуу президент ырасмий билдирүү жасай элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG