Жанкечти айдаган жүк тартуучу автомобиль Багдаддагы “Республика” сарайы жайгашкан коргондун чоң дарбазасынын сырт жагында эртең мененки саат сегиз ченде жардырылды.
Америкалык полковник Ралф Бейкердин сөзүнө караганда, бомба жарылганда жакын жерде турган бир нече автомобиль да өрттөнүп, алардын ичине жүктөлгөн октор туш тарапка ышкырып атылды:
- Бул жерде бир бомба жарылды.Ак түстөгү “Тойота” машинесинде 450 килограммга жакын жардыргыч зат болгон. Эч кандай ок атышуу болбоду. Бомба жарылгандан кийин ошол замат жоокерлер коргонуу чараларын көрүштү жана ирактык жарандарга тез жардам көргөзүштү.
Көпчүлүк күбөлөрдүн айтышынча, дарбазанын оозунда эки автомобиль жарылды. Алардын бири “Land Cruiser” маркасындагы унаа болгон.
“Өтө күчтүү жардыруу болду. Анын эпкини менен адамдар биринин үстүнө бири жыгылды”, - дейт Ирактын пландоо министрлигинин кызматкери Мохаммед Жаббар.
Батыш телеканалдары бир бутун бомба үзүп кетип, жардам сурап кыйкырып жаткан аялды көрсөтүштү.
Жарадар болгон бир нече ирактык эркек кишилер да жараатына чыдабай кыйкырып жатышты.
Ирактын мурдакы лидери Саддам Хусейн салдырган “Республика” сарайында азыр Ирактагы америкалык атуулдук администрация жана коалициялык күчтөрдүн штабдары жайгашкан. Ошондуктан Пол Брэмер башкаруусундагы администрацияда иштеген жүздөгөн ирактык кызматкерлер эртең менен жумушка ушул чоң дарбаза аркылуу өтүшөт. Демейде коргон ичине кирчү автомобилдер чоң дарбазанын алдындагы коопсуздук тосмосуна токтоп өтөт.
Террордук жардыруудан, америкалык аскерлердин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бери дегенде 20 киши, анын ичинде америкалык эки атуул өлдү, 30га жакын адам жарадар болду.
Жараат алгандардын 22си ирактыктар, төртөө - америкалык карапайым атуулдар жана экөө - америкалык жоокерлер.
Ирак полициясынын башчысы, генерал Ахмед Казимдин өкүлү бул жардырууну “террордук акт” деп атады:
- Бул жардыруу айоосуз террордук акт болду. Бул - мерчемделген чабуул. Коркунучтуу террордук топ Ирактын элине зобун келтирүүнү пландаштырууда.
Пол Брэмердин атайын билдирүүсүндө “бомба чабуулу жөнөкөй адамдарды көбүрөөк өлтүрүүнү көздөгөн” деп белгиленет.
Пентагон кечээ, башкача айтканда, жыйырмадай адамдын өмүрүн алган кубаттуу жардыруудан бир күн илгери, Ирактагы америкалык аскерлердин санын төрт айдын ичинде 25 миңге азайтуу планын жарыя кылган эле. Азыр Иракта Кошмо Штаттардын 130 миң аскери бар.
Соңку маалыматтар боюнча, былтыр марттан бери Иракта өлгөн америкалык аскерлердин саны 500дөн ашты. Ал эми Саддамдын режими кулатылгандан кийинки 9 айдын ичинде коалициялык күчтөр менен чогуу иштеген 600дөн ашуун ирактык полициячы түрдүү чабуулдардан курман болушту.