Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

АКШ: АЙОВА ШТАТЫНДА ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮ БАШТАЛДЫ


Дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттардын Айова штатында Демократтык партиянын жактоочулары менен талапкерлердин кездешүүлөрү өтөт. Бул жыйындарда өлкөнүн президенттигине талапкерлер көрсөтүлөт. Шайлоо өзү ноябрь айында болот. Айовадагы саясый өнөктүк шайлоо участкаларында өткөнү менен, кайсы талапкерде президент Жорж Буш менен беттешүүгө чыгуу мүмкүнчүлүүгү чоң экенин айкын кылат.

Айовадагы кездешүүлөр мектептерде, китепканаларда, өкмөттүк мекемелерде, чиркөөлөрдө, атүгүл менчик үйлөрдө болуп, дээрлик 2 миңге жакын шайлоо участкаларында өтөт. Анын жүрүшүндө эл көбүрөөк колдогон талапкер белгилүү болот жана партиянын округдук жыйынында добуш берүүчү делегаттар шайланат.

Тизме боюнча, Айова штатында 526 426 демократ-шайлоочу, 580 677 республикачыл-шайлоочу бар. Бейтарап шайлоочулардын саны 684 900.

Штаттын Дрейк университетинин саясат жана эл аралык байланыштар департаментинин төрагасы Деннис Голдфорд шайлоо алдындагы партиялык кеңешмеге чейин өтүүчү бул кездешүүлөрдүн мааниси тууралуу мындай дейт:

- Аны жакшылап түшүнүү үчүн, жарышка түшүүчү автомобилдердин сыноодон өтүп жатканын элестетип көрүңүз. Айовадагы өнөктүк бир нече күнгө созулду. Шайлоочулар талапкерлер менен кездешип, алардын программаларын угушту. Аларды эми жарышка салышат.

Демейде жыйынга партиянын мүчөлөрү жана шайлоочулар катышат. Дүйшөмбү күнкү жыйындарга 125 миңдей адам келиши мүмкүн деп болжолдонууда. Бул акыркы 16 жылдагы эң чоң көрсөткүч.
Алсак, 2000-жылкы башталгыч жыйындарга 61 миң, ал эми 1988-жылы 88 миң демократ- шайлоочу катышкан.

Демократ-талапкерлер иргелип отуруп, партиянын жайында Бостонда өтчү улуттук курултайында республикачыл президент Жорж Буш менен эрегишке чыкчу татыктуу саясатчынын аты аталат.

Ройтер агенттиги, Эм-эс-эн-би-си телекомапниясы жана “Зогби” фирмасы жекшемби күнү жарыялаган иликтөөгө караганда, жыйындарга катышчу демократтардын 24, 4 проценти сенатор Жон Керри үчүн, 23, 1 проценти Вермонт штатынын губернатору Говард Динди колдоп добуш беришет.
Акыркы мезгилге чейин Дин башкы талапкер деп саналып жүргөн.

Конгресстин мүчөсү болуп 14чү мөөнөт шайланган Миссурилик саясатчы Ричард Гепхард менен сенатор Жон Эдвардды сурамжылоого катышкан демократтардын 18 проценттен көбүрөөгү колдогон.

Бул изилдөөгө караганда, калган төрт талапкердин мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ушундан улам, Айовадагы кездешүүлөрдөн кийин, кээ бир талапкерлер жарыштан баш тартаары күмөнсүз.

Байкоочулар талапкерлердин программасы жалпы жөнүнөн окшош экенине көңүл бөлүшөт. Мындай шартта, эзелтен консервативдүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн айовалык шайлоочулар талапкерлердин программасы иргелчү “электин сыңары” кызмат кылат дейт Деннис Голдфорд:

- Айовалык демократтардын проблемалары жалпы өлкөдөгү демократтардыкына окшош эле. Аларды социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, баңгичилик, билим берүү, албетте, Ирактагы согуш, жумушсуздук жана экономикалык проблемалар түйшөлтөт... Жалпы өлкө боюнча да ушундай. Бирок, айовалык демократтар өлкөнүн демократтары сыяктуу президент Бушту жеңчү талапкердин болушун өтө каалашат. Алар демократтардын акыркы 50 жылда биринчи жолу Вашингтондогу бийликтен сыртта калышканына аябай кыжаалат жана нааразы. Азыр президенттик бийлик, Өкүлдөр палатасы жана Сенат республикачылардын колунда.

XS
SM
MD
LG