Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

ЖАПОН ЖООКЕРЛЕРИНИН АЛГАЧКЫ ТОБУ ИРАКТЫН САМАВА ШААРЫНА КЕЛДИ


Бүгүн Жапония Иракка жайгаштыра турган алты жүз жоокеринин алгачкы тобун өлкөнүн түштүгүндөгү Самава шаарына жиберди. Бул топ Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки мезгилде Жапония чет өлкөгө аттандырган алгачкы аскер тобу болуп калды.

Тээ 1945-жылы Жапониянын жеңилиши менен аяктаган Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Жапония согуш талаасына бир да жолу аскер жиберген эмес. Азыр да расмий Токио өз аскерлерин куралдуу кагылышуулардан оолак кармап, тек гана кайрымдуулук жардамын көрсөтүү чаралары менен чектегиси келет.

Дүйшөмбүдө Кувейттен Түштүк Иракка 30 жапон жоокери келди. Алар жайгашкан Самава шаарынын аймагы буга чейин ири куралдуу кагылышуулардан обочо, салыштырмалуу тынч жай катары мүнөздөлөт.

Премьер-министр Дзюнитиро Коидзуми жапон аскеринин Иракка жиберилиши – Жапониянын дүйнөдөгү бейпилдик үчүн кызмат кылууга даярдыгын айгинелеген кадам катары бааланышы керектигин бир нече ирет баса белгилеген. Дүйшөмбүдө ал ушундай маанидеги сөзүн жапон парламентинде чыгып сүйлөөсүндө дагы бир жолу кайталады:

- Биз “эл аралык коомчулукка берилчү жардамды заттык жардам менен гана чектейбиз, ал эми адамдарды жардамга жөнөтө албайбыз, анткени мындай жардам биз үчүн опурталдуу болоор эле”, деп мындай көмөк түрүн башка өлкөлөргө калтырып, четте карап кала албайбыз. Каржылык жардам менен катар эле, биздин армиябыздын - Өздүк коргонуу күчтөрүнүн жардамы да өтө зарыл.

Самавага, ошентип, азырынча 30 гана жапон жоокери келди. Март айына карата жапондук жоокерлердин саны 600гө жеткирилмекчи. Алардан тышкары, Перс булуңунун аймагында 400дөй жапон деңизчилери жана учкучтары жайгашат.

Расмий Токио Ирактагы кайра куруу чаралары үчүн 5 миллиард доллардык каржылык салым кошууга да убада кылды. Андан тышкары, ал Ирактын мурдагы карыздарынын айрым бөлүгүн кечүүгө макулдук берип жаткан өлкөлөргө кошулаарын да айтты.

Арийне, Жапония өкмөтүнүн бул кадамдары күн чыгыш өлкөсүндө сынга да алынууда. Айрым жапон саясатчылары чет өлкөгө аскер жөнөтүү – экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Конституциянын согуш жарыялоого каршы рухуна кайчы келет деп санашат.

Ал эми Самава шаарынын тургундары болсо жапондордун келиши менен экономикалык кайра жандануу башталат ко деп үмүттөнүүдө. Шаар базарында жапондорго карата “Куш келиңиздер!” деген арабча жана жапончо жазылган ураан илинип турат.

Бирок жапон тышкы иштер министри Йорико Кавагучи өткөн аптада жапон сыналгы каналдарынын биринде обого чыккан маегинде ирактыктардын чыгыш өлкөсүнө ашыкча үмүт байлоосу туура эмес болооруна ишаара кылды. “Самава аймагында жашаган калктын 70 пайыздайы жумушсуз. Аларды иш орду менен камсыз кылуу милдетин экономикалык кайрымдуулук жардамынын аркасында чече салууга мүмкүн эмес”, - дейт Кавагучи.

XS
SM
MD
LG