Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:23

Ооган бийликтери менен АКШнын аскерий өкүлдөрү Урузган провинциясындагы окуя боюнча кайчы маалымат беришүүдө


Ооган бийликтери америкалык авиациянын бомбалоосунун натыйжасында Урузган провинциясынын 11тургуну каза тапканын кабарлашты. Провинциянын губернатору Жан Мохаммад Хандын билдиргенине караганда, бул кайгылуу окуя жекшембиде болгон. Каза тапкандардын арасында аялдар менен балдар да бар. Америкалык командачылык азырыча жогорудагы маалыматты ырастаган жок. Командачылыктын өкүлү жогорудагы кабар иликтенип жатканын, аларда бомбалоодон беш согушкердин мерт болгондугу туралуу гана маалымат бар экенин билдирди. АКШ менен Ооганстандын аскерлери Урузган провинциясынын аймагында үч күндөн бери талибдерди издөө операциясын жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG