Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

ИРАН ШАЙЛОО ИРЕГЕСИНДЕ: БИР КАНЧА МИНИСТР КЫЗМАТТАН ЧЕГИНЭЭРИН ЖАРЫЯЛАДЫ


Ирандын вице-президенти Мохаммад Али Абтахи келээрки айдын 20сына белгиленген шайлоонун ирегесинде жүздөгөн депутаттыкка талапкерлердин шайлоодон четтетилишине байланыштуу өкмөттүн бир канча мүчөсү кызматтан кетүү тууралуу арыздарын президенттин кеңсесине тапшырганын билдирди. Айрымдары бул кадамды эскичил нукту туткан Көзөмөл кеңешине карата кысым көрсөтүүнүн жаңы далаалаты катары баалашууда.

Вице-президент Мохаммад Али Абтахинин айтымында, эскичил диниятчылар азыркы саясий нугунан тайбай турган болсо, анда президент Мохаммад Хатаминин өзү да кызматынан чегинүүгө даяр.

Албетте, бир канча министрдин, алардын ичинде вице-президенттердин кызматтан чегинүү тууралуу арыздары бүгүн эле карала койот деп айтууга болбойт. Серепчилердин оюнча, бул – тактикалык кадам. Ушул тапта Швейцариядагы Давос экономикалык саммитине катышып жаткан президент Мохаммад Хатами гана бул кызматтык чегинүүлөрдү канааттандырууга тийиш.

Иран өкмөт мүчөлөрүнүн бул кадамы эскичил диниятчылардан турган Көзөмөл кеңешинин февралдагы парламенттик шайлоого карата жүргүзүп жаткан саясатына нааразылык ирээтинде жасалууда. 12 мүчөдөн турган Көзөмөл кеңеши Ирандын 290 орундуу Межилисине депутаттыкка шайланууга талаптанган 8157 кишинин 3605инин талапкердигин четке какты. Алардын басымдуу көпчүлүгү реформачыл маанайы менен айырмалангандар болчу. Алардын ичинде азыркы парламентке мүчө болгон 83 реформачыл саясатчы да бар.

Ирандын рухий көсөмү Айатолла Али Хаменейи болсо Көзөмөл кеңешин катаал калыбынан жазбоого чакырууда:

-Мен Көзөмөл кеңешине өздөрү үчүн жолду мыйзамга каршы, күчкө салып ачууга ниеттенгендерге багынып бергиле деп акыл айта албайм. Эч качан антпейм.

Хаменейинин жакында айткан бул сөздөрү эскичилдер үчүн олуттуу колдоо болду. Көзөмөл кеңеши үстүбүздөгү айдын соңуна чейин депутаттыкка талапкерлердин тизмесин таразалап чыгууга тийиш. Ал эми шайлоо тизмесине кире турган талапкерлердин ысымдары 12-февралда, шайлоого бир апта гана калганда биротоло аныкталат.

XS
SM
MD
LG