Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

ИНДИЯ ӨКМӨТҮ МЕНЕН КАШМИРЛИК КОЗГОЛОҢЧУЛАРДЫН ТАРЫХЫЙ СҮЙЛӨШҮҮСҮ


Бейшемби күнү Жаңы Делиде Индия өкмөтү менен кашмирлик сепаратчылардын кездешүүсү башталды. Бул - Индия өкмөтү менен кашмирлик жикчилердин саясый жетекчилигинин 1989-жылдан берки биринчи жолугушуусу. Үч жума мурда Индия менен Пакистан 56 жылдан бери созулуп келаткан Кашмир чатагын жөндөө боюнча ырасмий сүйлөшүүлөрдү баштайлы деп макулдашкан.

Бүгүн, 22-январда Жаңы Делиде Индия өкмөтү менен Кашмир штатынын мусулман жикчилеринин жолугушуусу башталды. Бул 1989-жылы жикчилер Индиянын башкаруусуна каршы куралдуу күрөштү баштагандан берки биринчи эки жактуу бийик деңгээлдеги жолугушуу.

Сүйлөшүүдө Индия тарапты вице-премьер-министр Лал Кришна Адвани, ал эми жикчилердин “Бардык партиялардын Хурият конференциясы” деп аталган альянсын - байистүү Хурият партиясынын төрагасы Маулана Аббас Ансари жетектөөдө. Кашмирлик делегация беш адамдан турат.

Ажари тарыхый жолугушуу алдында сүйлөшүү тез эле ийгиликке алып келбесин эскертти. “Жакшылыктан үмүтүбүздү үзбөйлү. Биздин талаптарыбызды талкуулагандан мурда, өз ара ишеничке жетишип, сүйлөшүү үчүн ыңгайлуу атмосфера түзүшүбүз шарт”.

“Хурияттын” жетекчилеринин бири Умар Фарук апта башында билдиргенге караганда, Жаңы Делидеги жолугушууда эң оболу Кашмирдеги ок атышууларды токтотуу жөнүндө сөз болот.

1989-жылы эрегишчилер Индиянын башкаруусуна каршы куралдуу күрөштү баштагандан берки чатакта, ырасмий Делинин маалыматы боюнча, 40 миңден көп адам набыт болду. Жикчилер өз ара араздашууда азы 80 миң адамдын өмүрүнө забын келтирилди дешет.

Сүйлөшүүдө ошондой эле жикчилердин жетекчилерине Кашмирдин Пакистанга караштуу бөлүгүнө каттап турууга уруксат берүү маселеси талкууланат деп боолголонууда.

Акыркы учурларда “Индия өкмөтү Кашмирдин мусулман адаватчыларына каршы ок атууну бир жактуу түрдө токтотуп коюшу ыктымал” деген күбүр-шыбыр кептер көп айтылып жаткан.

Индия менен Пакистанды акыркы 56 жылда үч жолу согуштурган Кашмирдин жалпы аянты 222 800 чарчы чакырым. Анын үчтөн экиси Индияга, калган бөлүгү Пакистанга таандык. Франс пресс агенттигинин маалымдашынча, талаштуу штаттын 13 миллионго чукул элинин 10 миллиону Индия тарапта жашайт. Алардын 64 проценти ислам динин тутушат.

Кашмирдин Индиядан күнкорсуз мамлекет болуусуна же болбосо Пакистандын курамына кошулуусуна умтулушкан мусулман жикчилери элдин эркин билүү үчүн референдум өткөрүүнү 1960-жылдардан бери талап кылып келишет.

Мына ушундай жагдайда Индия өкмөтү ок атуу токтотулду деп жарыяласа, жикчилерди элдешүүгө чакыруу менен катар жакында болчу парламенттик шайлоодо ондогон жылдарга созулган кандуу калабадан
жадаган Кашмирдин элинин добушун алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы Делидеги сүйлөшүү “Хурият” катаал сыноону баштан кечирип жаткан мезгилге туш келди.
Сентябрда Индия менен эки жактуу тынчтык сүйлөшүү өткөрүүгө көшөрө каршы турган жикчилер Ансариге ишеним көрсөтпөй, пакистанчыл Саед Али Гиланини өздөрүнүн лидери кылып жарыялашкан.

Ошентип, Ансари башындагы фракция Кашмирдин Индияга караштуу бөлүгүндөгү бардык жикчи күчтөрдүн толук колдоосуна ээ эмес. Бирок, штаттын көпчүлүк калкы Индия өкмөтү менен сүйлөшүүнү жактайт.

Деген менен, Ансари башындагы делегациянын курамындагы төртөө “Хурияттын” аткаруу кеңешинин чечүүчү добушка ээ мүчөлөрү. Кеңешке бардыгы 7 адам мүчө.

Ансари баштаган делегация, байкоочулар айткандай, Кашмирдин бүтүндөй мусулман жамаатынын атынан сүйлөй алышпаганы менен, алардын маанилүү бөлүгүнүн көз карашын чагылдырат.

XS
SM
MD
LG