Британ министри Жек Стро менен өткөрүлгөн жеке мүнөздөгү сүйлөшүүлөрдө Мохаммад Хатами кандай маселелерди козгогону беймаалым, бирок ал Кошмо Штаттарынын өкүлдөрү менен жолугушканга азырынча ниети жоктугун журналисттер алдында ачык айтты. Хатаминин ишениминде, Вашингтон менен саясий алака түзүү азыр мүмкүн эмес, анткени Тегерандагы ислам өкмөтүнө америкалык администрациянын жүнү тетири айланып турат.
Кабарчылар, арийне, Ирандын атомдук программасына өзгөчө кызыгышты. Атап айтканда, Тегеранды Түндүк Корея атом бомбасын жасоого жарактуу технологиялар менен жабдып турганы жөнүндөгү кепти Хатами кескин четке какты. Иран, Хатаминин сөздөрү боюнча, андай технологияларды сатып алмак турсун атом бомбасына ээ болууну эч качан көздөгөн эмес. Атомдук куралга биз караманча каршыбыз, деп айтты Хатами. Мына ошону үчүн Иран атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке - МАГАТЭге ачык жана чын ыкыластан кызматташууну сунуш кылды. Албетте, Иран өсүп-өркүндөгүсү келген ар кандай улут сыңары эле заманбап технологиялардын кеңири түрлөрүнө жетишкиси келет, бирок алардын баарын жалаң бейпил максаттарга пайдаланууну каалайт.
Батыш дипломаттары жакында эле Иранды МАГАТЭ менен жетишилген келишимди сактабай жатат деп айыпташкан эле. Былтыр ноябрда Тегеран өзүнүн атомдук программасын он сегиз жылга токтотконун жарыялаган. Буга чейин өлкөдө азыраак санда байытылган уран жана плутоний өндүрүлгөнүн да Тегеран моюнга алган.
Давостогу пресс-конференцияда Хатами Ирандагы азыркы саясий кризиске да токтолду. Эмдиги айда өлкөдө эркин жана адилет шайлоо өтөрүнө президент бекем ишеничин билдирди. Хатами жана анын реформачыл санаалаштары бир максатты - өлкөдө эркин, анык атаандаштык маанайдагы шайлоо өткөрүүнү көздөшөт. Соңку окуяларга карабастан, кудай буйруса, мындай шайлоо Иранда болот, деп билдирди Хатами.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Иран ислам революциясынын көзөмөл кеңешинин чечимине нааразылык билдирип, Тегеран өкмөтүнүн жоон топ министрлери кызматтан кеткенге арыз беришти. Бирок алардын отставкасын президент Хатами тастыкташы керек. Мунун алдында көзөмөл кеңеши мурдагы чечимин өзгөртүп, шайлоо жарышынан алынып салынган эки жүздөй талапкерге парламенттин мандаты үчүн ат салышканга уруксат берген эле. Бирок реформаторлор жамааты көзөмөл кеңешинен өз чечимин толугу менен жокко чыгарууну талап кылып жатышат. Кандай болгон күндө да, Иранда реформаторлук кыймыл улантылат, деп ишенимдүү билдирди Хатами Давосто.