Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

ИРАКТА КЫРДААЛ КЫЙЧАЛЫШТАЙ БАШТАДЫ


Ирактагы америкалык аскери командачылыктын өкүлү коалициянын күчтөрү олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, өлкөдө алдыдагы жарым жыл ичинде кырдаал оңолоруна ишенич билдирди. Бирок акыркы суткаларда эле Ирактын ар кайсы райондорунда антикоалициялык топтордун колунан он чакты адам набыт болду. Коалициянын басма сөз катчысы соңку кездерде террордук аракеттер кайрадан активдеше баштаганын моюнга алды.

Коалициянын күчтөрү, алар менен кызматташкан жергиликтүү полицмендер жана карапайым ирактыктар акыркы күндөрдөгү террордук иштердин башкы бутасы болду. Атап айтканда, америкалыктардын Баакуба шаарындагы аскер базасына белгисиз бирөөлөр минометтон ок жабылтып, эки жоокерди мерт кылышты, дагы бир солдат оор жарадар болду. Андан соң Фаллужа шаары менен Рамадия калаасын туташтырган кан жолдо куралчан топ ирак полицмендерине капталдан кол салып, айгышкан атыштарда үч киши өлүп, бир канчасы жабыркады. Ал эми Хамса шаарындагы антитеррордук операция маалында испаниялык гвардиянын майоруна ок жаңылып, оор абалда ооруканага жеткирилди. Багдаддын өзүндө америкалыктарга жалданып иштеген аялдарды тартып бараткан микроавтобуска буктурмадан көнөктөтө ок атылып, төрт аялдын өмүрү кыйылды. Айрым маалыматтарда аларды америкалык аскерлер өздөрү жаңылып атып алышкан шекилди деп айтылат.

Акыркы күндөрдөгү окуяларды комментариялап, коалициялык күчтөрдүн өкүлү Дэн Синор жаңы Ирактын душмандары, эркиндиктин кусаматчылары азыркы бийликке ыкырар кылып, анын амирин тааныгандарды бутага ала башташканын белгиледи. Коалиция оккупациялык режим менен кызматташкандарды коргоо үчүн зарыл чараларды көрмөкчү. Мындан тышкары азыр Ирактын жаңы коопсуздук күчтөрү түзүлүп жатат, алардын саны жүз элүү миңден ашып калды.

Иракта кырдаал кыйчалыштай баштаганы ЦРУнун “оозеки отчетунда” да ырасталды. Ушу тапта Иракта иштеп жаткан америкалык чалгынчылар өлкөдө ич ара согуш чыгып кетиши толук мүмкүн экенин Вашингтонго маалымдашкан. Бир жагынан шийиттер жакын айларда жалпы элдик шайлоо өткөрүүнү талап кылып, массалык акцияларды өткөрүшүүдө. Экинчи жактан түндүктө күрттөр автономия түзгөнгө активдүү дама кыла башташты. Шийиттер да, күрттөр да чечкиндүү аракеттене турган маал келгенин аңдап калышты, деп айтты атын атоону каалабаган тыңчылардын бири.

Ал эми америкалык командачылыктын жогорку даражалуу өкүлү генерал Раймонд Одиерно кырдаалды башкача баалайт. Анын пикири боюнча, коалиция акыркы мезгилде ары олуттуу, ары омоктуу ийгиликтерге жетишти. Саддам Хусейндин кармалышын Одиерно антикоалициялык күчтөрдүн демин майтарган чоң окуя болду деп эсептейт. Ошондон соң ирактыктар оккупациялык бийликтер менен тартынбай кызматташып калышты, аскери чалгынчылар калк арасынан тактикалык-оперативдик маанидеги өтө маанилүү маалыматтарды көп ала баштады.

XS
SM
MD
LG