Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

ТЫНЧЫЙ ЭЛЕК БАГДАДГА БУУнун ЭКИ ЭКСПЕРТИ БАРДЫ


Бириккен улуттар уюмунун эки өкүлү Ирактагы коопсуздук шарттарын иликтөө максатында Багдадга барышты. Бүгүн Иракта массалык кыргын салуучу курал издеп жаткан америкалык инспекторлордун жетекчиси кызматтан чегинди. Өлкөдө кырдаал тынч эмес, Самарра шаарында полиция бөлүмүнүн алдында бомба жарылып, 2 киши өлүп, 30дан ашуун адам жараат алышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун аты-жөнү ачык жарыяланбаган эки кызматкеринен турган миссиясы Ирактагы коопсуздук шарттарын иликтөөгө киришти. Алар азырынча Багдаддагы коалициялык командачылык менен жолугушуулар өткөрүп, Бириккен Улуттар Уюмунун болочок өкүлчүлүгү үчүн ыңгайлуу имарат караштырып, өлкөдөгү кырдаал менен жакындан таанышууну көздөй турганын БУУнун Нью-Йорктогу башкеңсесинен маалымдашты. Баш катчы Кофи Аннан Иракка кызматкерлерди кайра кайтаруу маселеси жакында караштырыла турганын кошумчалады.

БУУ өткөн күздө Багдаддагы кеңсеси жардырылып, 20дан ашуун адам шейит кеткенден кийин өз кызматкерлерин Ирактан чыгарып кеткен. Аннан Иракта көп создуктурбай бүткүл элдик шайлоо өткөрүү маселесин изилдей турган эксперттер тобун ал жакка жөнөтүүнү ойлонуштуруп жатканын жарыялаган. Андан улам, Ирактык шийилердин лидери, Аятолла Али ас-Систани соңку күндөрү Багдаддын көчөлөрүндө улам бир акция өткөргөн өз тарапкерлерин тынчтанууга, нааразылык демонстрацияларын токтото турууга үндөдү.


Шийилер толкундоолорун токтотсо да, Ирактагы кыйчалыш кырдаал басаңдап кеткен жок. Жума күнү кечинде өлкөнүн түндүк тарабында америкалык тик учак кыйрап, андагы эки аскер набыт болушту. Ишембиде Багдаддан 100 чакырымча түндүгүрөөк жайгашкан Самарра калаасында жеңил машинеге катылган бомба жарылып, эки киши өлүп, 40 чакты адам жараат алышты. Жарадарлар арасында америкалык жети аскер бар.

Бул маалыматка удаа Пентагондун өкүлдөрү Иракта "ал-Кайида" уюмунун эки мүчөсү кармалганын билдиришти. Алардын бири – Пакистанда төрөлгөн Хасан Гүл Иракта «ал-каидачылардын» ишмердигин жайылтып, исламчыл согушкерлерди даярдаган деп шектелүүдө. Вашингтондун өкүлү Хасандын жанынан толгон-токой ысымдар менен алардын даректери көрсөтүлгөн чөнтөк дептер табылганын, андагы маалыматтар дүйнө жүзүндөгү экстремисттик кыймылдын бутак-канаттарын иликтөөгө көмөк көрсөтөөрүн кошумчалай кетти.

Ал эми эң соңку маалыматтар боюнча, Иракта сегиз айдан бери массалык кыргын салуучу курал издеген америкалык инспекторлордун башчысы Дэвид Кэй кызматынан кетти. Ал мындай чечимин түшүндүрүп, "Ройтерс" агенттигине берген интервьюсунда Иракта 1990-жылдары опурталдуу курал даярдалганынан күмөн санаарын билдирип: "Менимче, Саддамдын аскердик арсеналында болгон курал-жарактын баары табылды. Мындан ары жаңы бир нерсе пайда болору шектүү, анын үстүнө жайында бийлик ирактыктарга өтсө, анда издөө иштери кыйла кыйындайт", - деген жыйынтыктоочу пикирин маалымдаган.

АКШнын президент Буш, вице-президент Чейни баштаган расмий өкүлдөрү Иракта андай куралдын изи табылаарына ишеничин кайталап жатышат. Америкадагы соңку сурамжылоолор көргөзгөндөй, АКШ калкы арасында Саддамдын андай куралы болгонуна ишенгендердин саны али арбын, ошондой эле ал эмдигиче эч жерде табылбаганы – президент Буштун америкалыктар арасындагы кадырына чоң деле зыян келтирбейт өңдүү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG