Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

ГРУЗИЯ : СААКАШВИЛИ ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТКА РАСМИЙ КИРИШТИ


Грузиянын жаңы президенти Михаил Саакашвили бүгүн кызматына расмий түрдө киришти. Тбилисиде болгон ант берүү салтанатынан соң ал мамлекет башчысы катары Грузиянын мамлекеттик жаңы желеги жөнүндөгү документке кол койду. Грузиянын жаңы мамлекет башчысынын инаугурациясына байланыштуу аскерий парад Поти шаарында жана Ажар автономиясынын башкалаасы, Батумиде да өткөрүлдү. М.Саакашвили Грузияны бирдиктүү жана күчтүү мамлекетке айландырууга убада кылууда.

Ошентип, отуз алты жаштагы Михаил Саакашвили - Европа чөлкөмүнүн, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын эң жашы. Ал эми Грузиянын үчүнчү президенти болуп калды. Кесиби юрист, кезинде Кошмо Штаттарында да окуган М.Саакашвили мамлекет башчылыгына Грузияда былтыр жыл соңунда орун алган "жибек ыңкылабынын" аркасында келип олтурат. Ал өлкөдө былтыр ноябрдын башындагы парламенттик шайлоодон соң тутанган, миңдеген адамдар катышкан нааразылык акцияларына жетекчилик кылгандардын бири эле.

Демонстрациялардын аркасында Грузиянын мурдагы президенти Эдуард Шеварднадзе кызматтан чегинүүгө аргасыз болду. М.Саакашвили жана анын союздаштары Э. Шеварднадзени добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого жол бергени үчүн айыпташкан. Ал эми 4-январда өткөн эрте шайлоодо президенттикке талапкер Михаил Саакашвилини добуш берүүгө катышкандардын 96%ы колдоду.

Грузиянын жаңы президентин бийлик сересине учурунда мурдагы президент Эдурад Шеварднадзе өзү алып келген. АКШда окуп, иштеп келген М. Саакашвили юстиция министринин кызматына дайындалган эле, бирок кийинчерээк ал өкмөттү коррупцияланганы үчүн айыптап, кызматтан чегинген. Соңку парламенттик шайлоонун алдында Саакашвилинин партиясы башкалаа Тбилисинин шаардык кеңеши үчүн өткөн шайлоодо жеңишке жетишкен болчу.

Президенттикке шайлангандан бери ал биринчи кезектеги милдеттердин бири катары коррупцияга каршы күрөшүүнү атоодо. Айткандай эле, соңку күндөрү мурдагы президент Э. Шеварднадзенин өкмөтүндө иштеген бир нече адам экономикалык кылмыштары үчүн айыпталып, камакка алынды. Саакашвили Грузияны бирдиктүү жана кубаттуу мамлекетке айландырууга да убада кылууда. Бул тууралуу ал ант берүү аземи алдында Грузияны мындан 900 жыл илгээри бириктирген падыша катары саналган Давид IVнүн Кутаиси шаарынын жанындагы күмбөзүнө барган учурунда мындай деди:

- Грузия бүлүнүп-чачылган, анын адамдарын кемсинтишкен. Грузиянын жок болушун каалагандар да бар. Мен баарына, Грузиянын душмандарына алардын үмүтү орундалбасын айткым келет. Грузия өмүр сүргөн, өмүр сүрүүдө жана жашай бермекчи.

Михаил Саакашвилинин мамлекеттин бүтүндүгү жөнүндөгү билдирүүлөрү укуктук жактан алганда Грузиянын курамында турган, бирок иш жүзүндө андан көз карандысыз Абхазия,Түштүк Осетия республикаларына жана жарым автономиядагы Ажарияга байланыштуу айтылууда. Жекшембиде ант берээр алдында М. Саакашвили Аджариянын башкалаасы Батумиге барып, ажар лидери Аслан Абашидзе менен бирге аскерий парадды кабыл алды. Ал эми учурунда Ажар автономиясынын калкынын соңку президенттик шайлоого катышуусу бир нече жолку сүйлөшүүлөрдүн аркасында гана ишке ашканы маалым. Ажар бийликтери шайлоо эрте өткөрүлүп жатканын жүйөө кылып, автономиянын калкы добуш бербей турганын эскертип келишкен.

Саакашвили ошондой эле АКШ жана Батыш өлкөлөрү менен жакшы мамилени өркүндөтөөрүн, Орусия менен алаканы оңдоорун айтууда. АКШ жана Орусиянын Грузиядагы кызыкчылыктары бири-бирине кайчы келээри жашыруун эмес. Тбилисидеги маалымат жыйынында Грузиянын жаңы президенти төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Бизге жеңил эмес геосаясий чөйрөдө жашоого туура келет, биз өлкөнү түрдүү дөө-шаалардын уруш талаасына айландырууну каалабайбыз. Мен ар бир өлкөнү өзгөчө биздин коңшуларды алыстатпоо үчүн зарыл болгондун баарын жасайм. Биз Орусия менен жакшы алаканы каалайбыз. Мен америкачыл же орусиячыл эмесмин, мен грузиячылмын.

М.Саакашвилинин ант берүү аземине АКШдан Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, Орусиядан тышкы иштер министри Игорь Иванов катышты.

Белгилей кетчи кызык жагдай, Грузиянын жаңы президентинин кызматка киришүү аземи мурдагы пррезидент Эдуард Шеварднадзенин туулган күнүнө туура келди. 25–январда Э. Шеварднадзе 76 жашка чыкты.

Албетте, калктын кеңири колдоосун алган президент М.Саакашвилинин берген убадалары экономикалык жагдайы өтө эле оор Грузияда кантип ишке ашырылаарын, бир нече тилде эркин сүйлөп, тилинен чаң чыккан Саакашвили кандай жетекчи болоорун, грузиндердин ага арткан үмүтү акталаар-акталбасын мезгил көргөзмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG