Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

АКШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТЫ ДЕМОКРАТИЯЛАШТЫРУУДА ЖАРДАМГА МУКТАЖ


АКШнын вице-президенти Европа жана башка өлкөлөрдөн Жакынкы Чыгышты демократиялаштырууга жардам сурады. Швейцарияда өтүп жаткан Дүйнөлүк Бизнес форумда ал ошондой эле Иракты калыбына келтирүүгө Бириккен Улуттарды жардамга чакырды. Ошол эле кезде Дик Чейни дипломатиядан майнап болбосо, Кошмо Штаттары курал колдонуудан кайра тартпай тургандыгын эскертти.

- Эркиндиктердин жана демократиянын жайылышына кол кабыш кылуу – адал иш. Бул биздин жамааттык кызыкчылыгыбызга да шайкеш келет. Жакынкы Чыгыштын элдерине эркиндиктин таңсыктыгын жоюуга жардам берүү – террорго каршы чоң казатта жеңип чыгуунун да бирден-бир жолу.

Швейцариянын Давос курортунда чогулган дүйнөлүк ишкер жана саясий лидерлердин алдында сүйлөгөн сөзүн АКШнын вице-президенти ушундайча баштады. Чейни бирок дипломатиянын "тиши" өтпөгөн учурларда, АКШ жана анын союздаштары күч колдонууга да даяр болушу зарыл экендигин белгиледи:

- Дипломатиядан майнап болбогон учурда, биз жоопкерчиликти өзүбүзгө алып, зарылчылыкка жараша күч колдонууга даяр турушубуз керек. Түздөн-түз коркунуч чечкиндүү аракетти талап кылат.

Жакынкы Чыгышта реформа багытындагы айрым жылыштарга Чейни буларды мисалга келтирди - Марокконун падышасы жакында аялдардын укуктарын дагы бекемдөөгө чакырды; Иорданда басма сөзгө көзөмөл жумшарып келатат; Бахрейнде биринчи жолу аялдарга шайлоого катышууга уруксат берилди.

Мындан тышкары, Дик Чейни Ирак менен Ооганстанды демократиялык прогресстин эң үзүрлүү жеңиши деп атады. Иракка басып киргенде Кошмо Штаттары Бириккен Улуттар уюму менен кеңешип-таңашкан эмес. Бирок азыр Вашингтон БУУдан Иракта шайлоо өткөрүп, бийликти ирак элине кайтарып берүүгө жардам көрсөтүүнү суранууда. Давосто бүгүн да ушул өтүнүч кайталанды:

- Биз демократиялык мамлекеттерди, жана Бириккен Улуттар Уюмун Ирактын Башкаруу Кеңешинин демократияга өтүүгө жардам көрсөтүү өтүнүчүн жоопсуз калтырбоого чакырабыз. Биз Ирак карыздар болгон өлкөлөрдүн баарын берешендик менен, карызын кечүүнү суранабыз.

Байкоочулардын баамында, көп орчундуу маселелерди камтыган бул билдирүүсү менен Чейни Ирак согушу ортого от жаккан транс-атлантикалык алакаларды калыбына келтирүүнү көздөдү.

Чейни ошондой эле Европа Шериктештигине кошулууга дилгирленген Түркияга колдоо көрсөтүүгө, европалыктарды жаңжал аймактарына жиберилүүчү аскерлердин санын көбөйтүүгө жана Ирандагы өзгөрүүлөрдү колдоого чакырды:

- Иранды бийлегендер Жакынкы Чыгышта башка мамлекеттерден үлгү алышы керек. Бул улуу элде нагыз демократияны өркүндөтүп, адам укуктарын кеңейтүүгө болгон талап өсүп келатат. Ирандын эли аялдарга жана эркектерге Кудай-таалам берген эркин жашоо укугун гана талап кылып жатат.

АКШнын вице-президенти, ошондой эле, АКШнын Ирак согушун жана Кубадагы америкалык согуш базасында 600дөн ашык чет элдик шектүү террорчулардын сотсуз кармалышын актап сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG