Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

А.АТАМБАЕВДИН МАЕГИ, А.АКАЕВДИН РЕСПУБЛИКАНЫ КЫДЫРЫШЫ, М.ГАПАРОВДУН «КЫШТАКЧАСЫ»


Эмдиги жылдын күзүндө өтчү президенттик шайлоого талапкерлердин ысымдары эмитеден эле айтыла баштады. Алгач мамлекет башчылыкка Феликс Куловдун ат салышаары айтылса, кийин Алмазбек Атамбаев менен Адахан Мадумаровдун да аттары жарыя кылынды. Президент А.Акаевдин облустарды кыдыруусу уланууда. Мамлекет башчы Көл кылаасында болуп, аймактын алдында турган милдеттери жайында сөз сүйлөдү.

Шейшембидеги “МСН” гезитине жарыяланган маегинде “Форум” өнөр жай тобунун жетекчиси Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкарууга талапкер адам чынчыл жана экономиканы мыкты билиши керектигин айтты. “Мындан ары Акаев менен анын үй-бүлөсүнүн бийликте турушу өлкө үчүн коркунучтуу. Эл чарчады. Азыр президентте сыйы менен кызматынан кетүү мүмкүнчүлүгү бар”, - дейт Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын жетекчиси.

Алмаз Атамбаевдин болжолунда, эгер президент дагы бир жолу бийликте калуу аракетин жасаса, Кыргызстандагы абал Аксыдан да жаман алааматка кептелиши ыктымал. Эмки президент өлкөнү талап-тоноону токтотуп, кызмат ордун акчага сатууну кыл буугандай тыйышы керек. “Президент саясий кутумчулук менен алектенбей, экономикага көңүл буруп, анын жагдайына жоопкер болушу ылаазым”, - дейт А. Атамбаев.

Басылманын жаңы санында жарыяланган маегинде парламент депутаты Ташболот Балтабаев кыргыз өкмөтү Баткен облусуна жетиштүү көңүл бурбай жатканын сынга алган. “Өкмөттүн көптөгөн убадалары тек гана куру сөз экен, чын-чынына келгенде анын карапайым эл менен иши жок”, - дейт Т. Балтабаев. Анын айтымында, Баткен облусунун оор абалы парламент отурумунда талкууга алынмакчы.

Президент А. Акаевдин жер кыдыруусу Көл кылаасында улантылганын шейшембидеги “Вечерний Бишкек”, “Слово Кыргызстана” гезиттери да маалымдашты. “Вечерний Бишкек” гезити кабарлагандай, президент кедейликти азайтуу, айыл чарба өндүрүшүнө жаңы технологияны киргизүү, өнөр жайды көтөрмөлөө, туризм индустриясын эларалык стандартка алып чыгуу милдетин койду.

Басылманын ырасташынча, бир нече компанияга бөлүнүп кеткен энергетика сектору кризиске капталып, абалы жылдан-жылга оорлоп баратат. Тармактын улам-улам реформаланышынын натыйжасында анын болочогуна ишенбөөчүлүк күчөдү. Электр энергиясын уурдоо толук токтогон жок. Электр акысын жыйноо күч органдарынын кийлигишүүсү менен жолго салынып жатканы тармакта топтолгон көйгөйлөрдү толук чечип ийбейт.

Президенттик шайлоого эртелеп кам көрүү жана шайлоо блогун эмитеден эле түзүү мыйзамдарга каршы келээрин шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде кыргыз өкмөт башчысынын биринчи орунбасары Курманбек Осмонов эскертти. Анын ырасташынча, “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун “МСН” гезитинде жарыяланган калкка кайрылуусу шайлоо алдындагы үгүт ишинин башталышын билдирет. Буга кошумча, шайлоо блогу түзүлгөн соң 5 күндөн кечиктирбей жаңы түзүмдүн башчылары мыйзамдык талаптын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүшү керек.

Мезгил менен заман сыноосуна моюн бербей, асылдык менен сулуулуктун керемет дүйнөсүн келиштире ачып берген Мурза Гапаровдун айтылуу “Кыштакча” повестин “Кыргыз туусу” гезити кайрадан баса баштады. Чыгарманын көркөмдүк маани-жайын чечмелей келип, адабиятчы, жазуучу Самсак Станалиев: “Ал сөздүн үнүн тыңшаган, сөздүн тилин түшүнгөн, сөздүн кубанычы менен кайгысын, муңу менен сүйүнүчүн түшүнгөн, сөзгө жан киргизип, сөзгө сүйүү жараткан кылчебер калемгер эле, - деп жазат. - Ал карасөзчүлөр үчүн да, акындар үчүн да бирдей жаралган карасөздүн чыныгы акыны эле. Анткени ал адамдардын жүрөгү менен окулчу, адамдардын кылтамырынын кагышы болчу чыгармаларды жараткан, кыргыз адабиятын кылымдын ырына айланткан саналуу калемгерлерибиздин бири болчу”.

Индиялык журналист Ысыккөлдү жер үстүндөгү бейиштин төрүнө салыштырганын шейшембидеги “Республика” гезити жарыя кылды. Гезитте Грузиядагы президенттик шайлоо тууралуу жазылган Топчубек Тургуналиевдин аналитикалык макаласына да орун берилген. Автордун ырасташынча, Грузиядагы окуялар жеке бийликтин туткунунда калган Орто Азия республикаларында демократия орнотууга шык бере алат.
XS
SM
MD
LG