Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:30

ИРАКТА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан 27-январда атайын жарыя жасап, Иракта жакын арада жалпы элдик шайлоо өткөрүү мүмкүн же мүмкүн эмес экенин аныктоо максатында өлкөгө атайын экперттик топ жибериле турганын билдирди. Бирок ал үчүн америкалык аскерлер Бириккен Улуттар эксперттеринин коопсуздугуна кепил болууга тийиш. Мындай шартты Иракта аткаруу азыр өтө кыйын.

Бириккен Улуттар Уюму менен Америка Кошмо Штаттары ортосундагы мамиле акыркы бир жылда бир кыйла начарлаган. Иракка каршы согуш баштоого Бириккен Улуттар уруксат берген эмес жана уюмдун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү согуш баштоого былтыр каршы чыга баштаганда, маселени расми талкууга жеткирбей, АКШ өз сунушун алып чыгып кеткен. Кийин Вашингтон баары бир согуш баштаганда болсо анын бир топ жетекчилери Бириккен Улуттарды - эч нерсеге жарабаган уюм деп да атаган.

Согуш аяктагандан кийин дагы АКШ Бириккен Улуттарды Иракка катуу эл аралык басымдан кийин гана келтирген, бирок баары бир жалпы жетекчилик америкалыктардын колунда калгандыктан, Алмания же Франция сыяктуу мамлекеттер Иракка өз аскерлерин жиберүүдөн дагы, ага каржылык жардам көрсөтүүдөн дагы баш тарткан. Иракта болсо азыр кадимки эле партизандык согуш жүрүүдө жана оккупациялык аскерлер Ирактагы эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана кеңселерин жетиштүү коргой албайт. Натыйжада 19-августта Багдад шаарындагы Бириккен Улуттардын кеңсеси жардырылып, 22 адам курман болгон, алардын арасында уюмдун Ирак боюнча өкүлү Сержио Виейра ди Мелло дагы өлгөн. Андан кийин дагы террордук аракеттерге жетиштүү бөгөт коюлбагандыктан, бир нече башка эл аралык уюмдун кеңсеси дагы жарылгандыктан, октябр айында Бириккен Улуттар өз кызматкерлерин Ирактан чыгарып кеткен.

Ирактын убактылуу америкалык жетекчилиги эл аралык басым астында өлкөдөгү бийликти ирактыктардын колуна өткөрүп берүү боюнча атайын план даярдаган жана ал планга ылайык өлкөнүн 18 провинциясынын ар биринде атайын жыйын өткөрүлүп, алар парламент сыяктуу жаңы түзүлүшкө өкүлдөрдү тандамак. Бийлик ал жаңы түзүлүшкө үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин өткөрүлмөк. Бирок акыркы апталарда Иракта абдан көп демонстрация болуп, анын катышуучулары тикелей жана жалпы элдик шайлоо өткөрүүнү талап кыла баштады.

Андай демонстрациялардын руханий шыктандыруучусу - шийи мусулмандарынын жетекчиси аятолла ас-Систани болуп чыкты жана америкалык жетекчилик аны менен жакшылыктуу сүйлөшө алган жок. Анын ордуна Вашингтон Иракка Бириккен Улуттардын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахимини жиберүүгө аракеттенүүдө жана Брахими акыркы күндөрдө бир нече жолу Вашингтондо болуп, америкалык жетекчилер менен жолугуп кетти. Брахими мурда Алжирдин тышкы иштер министри болуп иштеген жана АКШнын пикиринде, акыркы эки жылда Ооганстандагы ар башка саясий күчтөрдү элдештирүүдө бир топ ийгиликке жетишти.

Брахиминин айтымында, алгач Иракка Бириккен Улуттардын эксперттер тобу барып келүүгө тийиш жана эгер алар 1-июлга чейин өлкөдө жалпы элдик шайлоо өткөрүү мүмкүн деген тыянакка келсе гана ал өзү дагы Иракка барып ас-Систани менен сүйлөшүү баштайт.

Иракка эл аралык эксперттерди жиберүү маселеси чыгаары менен ас-Систани элге кайрылып, каршылык митинг-демонстрацияларды токтотуп турууну суранды жана демонстрациялар чындап эле токтоду. Кофи Аннан болсо 27-январда эгер коопсуздук маселелери чечилсе гана уюмдун эксперттери Иракка жиберилет деп билдирди. Ирактын Башкаруучу кеңеш деп аталган жетекчилик уюму дагы, бир топ европалык мамлекет дагы Ирактагы абалды өз колуна Бириккен Улуттардын алганына кызыкдар. Башкаруучу кеңештин учурдагы төрагасы Аднан Пачачинин айтымында, жалпы элдик шайлоо өткөрүү эң жакшы чечим болмок: "Биздин баарыбыздын ишенимибизде, парламент тандоонун эң жакшы жолу - тикелей жалпы элдик шайлоо өткөрүү, бирок андай шайлоо даярдоого жетиштүү убакыт керек".

Анткен менен америкалык жетекчилик Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштериндеги башкаруучулукту Бириккен Улуттарга өткөрүп берээри күмөн, ошондуктан маселе дагы көпкө улана тургандай.

XS
SM
MD
LG