Ооганстандагы НАТО аскерлеринин көбү Кабулда турат. Алардын бири машинада баратканда, өзүн-өзү жардырган жан кечти менен кошо жарык дүйнө менен кош айтышты. 27-январь, шейшемби күнкү кол салууга күбө болгон Кабулдун тургуну Фарид Ройтерс агенттигинин кабарчысына буларды айтты:
- Бүгүн эртең менен мен шаардын борборуна барайын деп, аялдамада отургам. Бир машина өтүп бараткан, анан эле НАТОнун машинасы өтүп баратканда, алдынан бомба жарылды. Мен эле төрт жарадарды ооруканага жеткирдим.
Ал эми Кабулдун баш полициячысы Пасвал Харон Асефи "Азаттыктын" Oоган кызматына буларды билдирди:
- Эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн кайгуулу Кабулдун батыш тарабындагы Даруламан көчөсү менен келаткан экен. Алардын машинасы жайлай түшкөндө, денесине бомба байланган шектүү террорист анын арткы орундугун карай секирди, ошондо бомба жарылды.
Кабулдагы чабуулда канадалык дагы үч аскер жана тогуз ооган жарадар болду. Экөөнүн абалы айрыкча оор. НАТОнун Ооганстанда турган 5 миң 700 жоокеринин катарында Канаданын 2 миң аскери бар.
Мунун алдыңкы күнү Ооганстандын президенти Хамид Карзай өлкөнүн жаңы конституциясына кол койгон эле. Ооганстандын Лоя Жыргасы 162 беренеден турган баш мыйзамды ушул айдын башында кабыл алган.
Жаңы Конституцияда аялдар менен эркектердин укугу бирдей деп айтылат. Бирок ал кабыл алынгандан он күн өтүп-өтпөй, диний маселелерди тейлеген Фатва кеңеши радио-теледен аялдардын ырдашы шариятка каршы келет деген бүтүм чыгарды.
Бул бүтүм жалпы эле ооган элинин мүдөөсүн чагылдырабы же фундаменталист исламчылар өз билгенин бербей жатабы? Ооганстанда исламдык салт-санаалар терең тамыр жайганын эске алганда, буга бир беткей жооп берүү кыйын. Ооган радио-телесинин директору Азизулла Аряфар элдин табитине жаккан программалар болбосо, көрармандар чет элдик телеканалдарга азгырылып кетет дейт.
Батышка бирди убада кылып, ошол эле мезгилде эскичил көз караштагы молдолорго мыйзамдарды чакмак ойноого жол берген Карзай өзү да эки анжы болуп турганы байкалат. Сөзүбүз куру болбосун, ооган президентинин төмөндөгү сөздөрүнө кулак түрөлү:
- Ооганстанда аялдар радио-теледе ырдап чыкканына 50-60 жыл болуп баратат. Бул - маалымат жана маданият министрлиги аныктай турган маселе. Мен өткөн күндөрү радиодон көп маек-сухбаттарды уктум. Эл муну жакшы кабыл алып жатат. Бирок биз бүгүнкү маданий жана коомдук реалдуулуктун чегинде иштешибиз керек.
Ал эми Кабулдун тургуну Мухаммед Асиф айымдардын ырдаганын эрөөн көрбөйт:
- Аялдардын сыналгыдан чыгып жатканы абдан жакшы, анын үстүнө конституцияда аларга тең укук берилбедиби?