Феликс Куловдун маселесин улам-улам козгоп туруу азыркы кыргыз бийлиги менен анын каршылаштарынын ортосундагы саясий талаш туудурган маселеге айланып калды. Ырасмий бийлик өкүлдөрү “Арнамыс” партиясынын жетекчиси кызматынан кыянат пайдалангандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылганын, мыйзам алдында бардык адам бирдей экенин айтса, оппозиция өкүлдөрү Феликс Кулов саясий куугунтукка кабылганын дамамат кабарлап келет. Коомдук угууну уюштуруп аткан бейөкмөт уюмдар анын жыйынтыгын эларалык коомчулукка кабардар кылуу максатын көздөшүүдө. Аны “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мындайча түшүндүрдү:
- Саясий куугунтук экени коомчулукка ачык билинип атат. Коррупцияга малынган
өкмөт бийликтен кетиши керек. Жаңы лидерлер келгенге жол ачылышы зарыл.
Оппозициячыл маанайдагы айрым саясий партиялар түзгөн “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогу эмдиги жылдын күзүндө өтчү президенттик шайлоодо Феликс Куловдун талапкерлигин колдой тургандыгын жарыя кылышкан.