Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага 29-январда Израилдин борбору Тел-Авив шаарында дагы бир жардыруу ишке ашырылып, бир нече адам курман болду. Бир айдан бери мындай жан кечти аракеттер болбой калган жана террорчулуктун кайрадан башталганы үчүн эки тарап бир-бирин күнөөлөдө. Алманиянын ортомчулугу менен болсо, жөөт өкмөтү жана "Хезболла" уюму ортосунда туткундар алмашуусу болду.

Акыркы террор аракети Израилде 25-декабрда ишке ашырылган, анда бир жан кечти араб өзүн өзү көчөдөгү аялдамада жардырып жибергенден, анын жанында турган төрт адам набыт кеткен. 29-январдагы жардыруу болсо автобустун ичинде жана премьер-министр Ариел Шарондун кеңсесинен алыс эмес жерде болду. Жөөт булактарынын айтымында, сегиз адам дароо мүрт кетти, дагы отуздай киши жараат алды жана алардын кээ бирлеринин абалы оор.

Жөөт жана араб жетекчилери дароо бир-бирин күнөөлөп чыкты. Израилдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жонатан Пеледдин айтымында, Палестина өкмөтүнүн террорчулукту токтотууга кудурети жетишпейт: "Палестиналыктар террорчулук менен күрөшүүгө кудуретсиз жана ага көңүлү да жок экени айкын, ошондуктан биз дубал курууну жана өзүбүздү өзүбүз коргоону улантабыз, анткени шаардын чок ортосундагы автобустарда мындай мыкаачылыктын болушуна бир да өлкө, бир да шаар, бир да эл чыдабайт".

Израил өкмөтү акыркы мезгилде террорчулуктан коргонуу шылтоосу менен араб жана жөөт аймактарын бөлгөн дубал кура баштады, бирок аны менен жөөт тарапка басылып алынган араб жерлери да өтүп кетүүдө, ошондуктан эл аралык коомчулук Израилди ал үчүн сынга алууда.

Палестина өкмөтүнүн эмгек министри Гасан Хатибдин айтымында, абалдын кескин начарлап кеткени үчүн Израил жооптуу: "Менин оюмча, мындай жалпы терс абал, кылмыштуулуктун күчөшү Израилдин жалпы саясатынан чыгып жатат. Күнөөсүз палестиналыктарды атып өлтүрүү, жерлерди басып тартып алуу, дубал куруу ушуга алып келди".

28-январда Газа тилкесине Израил аскерлери киргенден куралдуу кагылышуу чыгып, жөөттөр сегиз арабды атып өлтүргөн.

Анткен менен 29-январда Жакынкы Чыгышта бир жакшы окуя да болду. Алманиянын ортомчулугу менен көп айга уланган сүйлөшүүлөрдөн кийин Израил өкмөтү жана Ливанда жайгашкан "Хезболла" уюму туткундар менен алмашты. Алманиянын Көлн шаарынын алдындагы базага 29-январда Ливандан атайын учак менен үч жыл бою туткунда кармалган жөөт ишкери, полковник Элханан Танненбаум жана үч жөөт аскеринин сөөгү жеткирилди. Алар 2000-жылы барымтага алынган жана кийин каза болгон. Ошол эле күнү Көлнгө Израилден башка бир учак менен жөөт абактарында кармалган 30 араб туткуну да жеткирилди жана тараптар алар менен алмашты.

Аны менен катар Израил өзүнүн "Негев" аттуу түрмөсүнөн 400 араб туткунун бошотууга киришти жана алардын биринчи жыйырма тогузу 29-январда автобус менен кошуна Ливанга жеткирилди. Алардын арасында исламга өтүп кеткен бир немис жараны да бар. Бардыгы болуп азыр жөөт абактарында жети жарым миң араб кармалууда. Бошотулуп жаткан 400 адамдын ичинде - 1989-жылы туткунга түшкөн белгилүү шейх Абдел-Карим Обид жана 1994-жылы кармалган Мустафа Дирани да бар. "Хезболла" дагы бир туткунду - Самир ал-Кантарды бошотууну талап кылган, Израил жетекчилигинин айтымында, ал эки-үч айда гана эркиндикке чыгышы мүмкүн. Андан тышкары Израил өкмөтү "Хезболлага" - 59 ливандык жоокердин сөөгүн дагы өткөрүп берет.

Жыйырма жылдан бери жөөттөр менен арабдар ортосунда мындай туткун алмашуу болгон эмес.

XS
SM
MD
LG