Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

ДЕМОКРАТ ЖОН КЕРРИНИН САКАСЫ АЛЧЫ ТҮШҮҮДӨ


Кубат Оторбаев, Прага АКШда ноябрь айында өтө турган президенттик шайлоого республикачылар атынан ат салыша турган талапкердин ысымы баарыга дайын. Бирок, азырынча президент Жорж Бушка Демократтар партиясынын атынан ким атаандаш болоору белгисиз. Нью-Гемпшир штатында шейшембиде өткөн Демократиялык партиянын ички добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен беш демократтын арасынан сенатор Жон Керри алдыга озуп чыкты. Өткөн аптада Жон Керри Айова штатынын демократтарынын да колдоосуна ээ болгон эле.

- Мен Нью-Гемпширди сүйөм. Мен Айованы да жакшы көрөм! - деди Жон Керри Нью-Гемпшир штатындагы ички партиялык добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан кийин. Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, Жон Керри демократ-шайлоочулардын 39% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы - Вермонт штатынын мурдагы губернатору Говард Дин 26% добуш алды.

Айтмакчы, Америка коомчулугунда “ноябрда өтө турган президенттик шайлоодо демократтардын атынан дал ушул Говард Дин Жорж Буштун атаандашы болушу ыктымал” деген пикир күчтүү эле. Говард Динге АКШнын мурдагы президентти Жимми Картер да ак батасын берген болчу. Бирок, Жон Керри Говард Динди Айова шататында өткөн партиялык ички шайлоодо да, Нью-Гемпширде да артка калтырды.

Като институтунун кызматкери Патрик Бэшам Нью-Гемпширдеги шайлоо Жон Керри үчүн алгачкы сынак болду, эми 3-февралда өлкөнүн 7 штатында өтө турган шайлоолор ноябрда Жорж Бушка ким атаандаш болоорун так аныктайт дейт:

- Бул – Жон Керринин алгачкы чоң жеңиши. Бул ийгилик аны алгачкы ирет чыныгы лидер катары таанытты. Эми ал – күрөшө турган адам.

Патрик Бэшамдын айтымында, Жон Керрини алдыда узак жана оор сыноолор күтүп турат. “Анткени, - дейт ал, - Жон Керриден тышкары да АКШнын президенти болууну каалаган талапкерлер жетиштүү”.

Айова штатындагы тандоодо 3 орунду алган Говард Дин бул ирет 26% менен экинчиге чыкты. Андан кийинки орундарда Түндүк Каролина штатынан шайланган сенатор Жон Эдвардс, ардагер генерал Уесли Кларк жана сенатор Жозеф Либерман бар. Талдоочулардын айтымында, Говард Дин 3-февралга чейин күчүн жыйнап, чоң секирик жасашы да ыктымал. Анткени, анын шайлоого деп топтогон 40 млн. доллар акчасы бар. Анын мындай көзүрү чындыгында эле ишке жарайбы же жокпу деген суроого 2-мартта жооп алууга болот. Бул күнү АКШнын Нью-Йорк жана Калифорния өңдүү эң ири штаттарынын демократтары талапкерди тандашат.

Айова штатындагы шайлоодо анча жолу болбой калган Говард Дин Нью-Гемпширде экинчи орунду алгандан кийин кубанычын жашырган жок:

- Нью-Гемпширдин тургундары өзгөрүүнү, чыныгы өзгөрүүнү каалашты. Биз Американы биргелешип өзгөртө алабыз, жана ошентебиз! Биз Америкада кайрадан жумуш орундарын ача алабыз. Бул биздин колдон келет. Биз жер бетиндеги башка алдыңкы өнүккөн мамлекеттер менен ынтымакта болобуз жана биз америкалыктардын баарынын саламаттыгын камсыз кылабыз. Биз ошентебиз! – деди Говард Дин.
Көпчүлүк демократтар Ирактагы согушка катуу каршы чыккан позициясы үчүн дал ушул Говард Дин ноябрда Жорж Бушту жеңип чыгууга жарайт деп болжоп келишкен. Бирок, Вьетнам согушунда бир нече жолу эрдик көрсөткөн, акыркы 20 жылда Сенатта АКШнын коопсуздугу боюнча маселелерде өзүн татыктуу көрсөткөн Жон Керри Говард Динди артка калтырды. "Newsweek" журналынын ушул аптадагы сурамжылоосу көрсөткөндөй, Жон Керри үчүн азыр америкалыктардын 49%, ал эми азыркы президент Жорж Буш үчүн 46% өз добушун берүүгө даяр.

Ноябрдагы президенттик шайлоодо катуу кармаш болоорун республикачылдар партиясынын өкүлдөрү да болголоодо. Ирактагы согуштун создугуп кетиши, 2004-каржы жылындагы АКШнын бюджетинин тартыштыгынын дээрлик 500 млрд. долларга чыкканы, салык жеңилдиктеринин көп берилиши жана акыркы 3 жылда жумушсуздардын саны 3 миллионго көбөйгөнү – оппозициядагы демократтардын чырагына май тамызууда. Жакында демократ-сенаторлордун бири Жорж Буштун космос программасы тууралуу: “Президент “Марсты багынтабыз” деп жатат, ал эми бюджеттин тартыштыгы болсо Айга жеткени калды” деген сын пикирин айтты. 2003-каржы жылындагы АКШнын бюджетинин тартыштыгы мурда болуп көрбөгөн чекке жетип, 400 млрд. долларга жакындады.

XS
SM
MD
LG