Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

КООМДУК ТАЛКУУ ӨТТҮ, ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖАКЫН АРАДА ЧЫГАБЫ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Шаршемби күнү Бишкекте «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун сот ишине байланыштуу коомдук талкуу өттү. Жыйындын катышуучулары “Ф.Кулов саясий себептерден улам, ак жерден түрмөгө камалган” деген пикирлерин билдиришти. Коомдук талкуунун соңунда кабыл алынган резолюцияда бийлик Феликс Куловду тез арада эркиндикке чыгарышы зарыл экени айтылды. Куловдун тарапкерлеринин мындай аракетинен жыйынтык чыгабы? Коомдук угуунун чечимине аткаруу бийлиги көңүл бурабы?

Феликс Куловдун жактоочулары буга чейин пикет, ачкалык, жөө жүрүш сыяктуу нааразылык акцияларын өткөрүп, оппозиция лидерин бошотууну бийликтен талап кылып келишкени белгилүү. «Хюман Райтс Уотч», «Фридом хаус» сыяктуу эларалык укук коргоо уюмдары Куловдун негизсиз камалгандыгын белгилеп, аны боштондукка чыгаруу өтүнүчүн Кыргызстандын жогорку бийлигине бир нече жолу жолдошкон.

Европа парламенти жана АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү да Ф.Куловдун саясий себептер менен камалгандыгын ырастап келишет. Бирок эларалык уюмдардын кайрылууларына аткаруу бийлиги көңүл бурбай келет. Ошондой болсо да Куловдун тарапкерлери соңку мезгилде Куловду бошотуу максатында өз аракеттерин кайрадан жандандыра башташты. Адегенде, курамына төрт партия кирген Элдик конгресс 2005-жылдагы президенттик шайлоого Феликс Куловдун талапкердигин көрсөттү.

28-январда болсо республиканын бардык дубандарынан келген өкүлдөрдүн катышуусунда, Куловду боштондукка чыгаруу талабы менен талкуу өткөрүлдү. “Куловдун тарапкерлеринин мындай аракетине аткаруу бийлиги көңүл бурабы? Түрмөдө жаткан Феликс Кулов президенттик шайлоого катышууга укугу барбы?” деген суроолор пайда болууда.

Байкоочулардын пикиринде, жакында кабыл алынган Шайлоо кодексинин үчүнчү беренесинде «мурда соттолгондугу тиешелүү мыйзамдардын негизинде алынып салынбаган адам президенттик шайлоого катыша албастыгы” так жазылгандыктан, Феликс Кулов келерки президенттик шайлоого катышууга укугу жок.

Бирок, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин айтымында, өлкөнүн Башмыйзамында «соттолгон адам президенттик шайлоого катышууга укугу жок» деп жазылган эмес:

- Башмыйзамдын 43-беренесинде “35 жашка толгон жана 65 жаштан ашпаган ар бир Кыргызстандын атуулу президент болуп шайлана алат” деп жазылган. Ошондуктан Феликс Кулов келээрки президенттик шайлоого катыша албайт деп айтуу азырынча эрте. Анткени Башмыйзам менен Шайлоо кодексининин ортосундагы мындай карама-каршылыкка Конституциялык сот гана соңку чекит койот. Мындан сырткары Феликс Куловду өлкөдөгү саясий кырдаалды бышыруу жолу менен түрмөдөн бошотууга болот.

Өмүрбек Текебаев бул оюн андан ары минтип улантты:

- Мен Феликс Куловдун талапкердигин жылдырганда “саясий кырдаалды бышырыш керек. Бышмайынча биздин сунушубуз кыял боюнча кала берет” деп айткамын. Ошондой эле мен «биз кырдаалды бышырыш үчүн кандайдыр бир так иш-чараларды жасайбыз. Бышырыштын жолун билебиз» деп билдиргем. Мына, соңку коомдук талкуу - бир аракет. Президенттин тынчсызданганы биздин туура жолдо баратканыбыздын күбөсү. Биз муну атайылап эрте баштап жатабыз. Анткени, президенттик шайлоо жакындаган сайын мындай кыймылдар күчөй берет. Куловдун эле жактоочулары эмес, башка талапкерлердин колдоочулары да көтөрүлөт.

Ф.Куловду жактоочулардын алдагыдай аракетине азырынча аткаруу бийлиги «ак» же «көк» деп жооп бере элек. Президент А.Акаев буга чейин коомчулук өкүлдөрү менен жолугушкан учурда Феликс Куловдун саясий себептер менен эмес, жасаган күнөөсү үчүн камалгандыгын билдирген:

- Феликс Куловго байланыштуу кылмыш иши ал оппозициячыл саясатчыга айлана электе, мамлекеттик жогорку кызматта иштеп жүргөн учурда, тактап айтканда, Улуттук коопсуздук кызматын жана Бишкек шаарын башкарып турган учурда эле козголгон болчу. Азыр мени бул ишти саясый иш катары кароого жана Куловдун пайдасы үчүн кандайдыр бир чечим кабыл алууга чакырып, кайрылып жатышат. Мен анын ишин саясатка такап жаткандарга таптакыр макул эместигимди билдирем.

Коомдук талкуунун катышуучулары Ф.Куловду боштондукка чыгарыш максатында мындан ары да ар кандай нааразылык акцияларын уюштура тургандыктарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG