Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕРИ АССАМБЛЕЯСЫНЫН IV КУРУЛТАЙЫ АСКАР АКАЕВДИН ЖАҢЫ МӨӨНӨТҮН КОЛДООГО АЛАБЫ?


Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн курамы Кыргызстан элдери ассамблеясынын IV курултайынын делегаттары менен жолугушту. Анда өкмөт башчы Николай Танаев өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу кеңири билдирүү жасап, өкүлдөрдүн суроолоруна жооп берди. Ал эми эртең өтө турган курултайга президент Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Кыргызстан элдери ассамблеясы мындан он жыл мурда негизделген. Президент Аскар Акаев өз жардыгы менен ассамблея кеңешине президент алдындагы улуттар аралык мамилелер жана улут саясаты боюнча кеңеш деген макам ыйгарган. Ага азыр 60 коомдук жана саясий ишмер мүчө.

Ассамблеянын тутумунда улуттук 30 борбор бар. Бирок, Кыргызстанда жашаган улуттардын саны андан алда канча көп. Ассамблеянын төрага орунбасары Касым Чаргыновдун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 120дан ашык улут өкүлдөрү туруктуу жашайт. Алардын арасында Британия, Америка, Жапония өлкөлөрүнөн ооп келип, жердеп калгандар да бар. Бирок, алар аз санда.

-Кыргызстанда жашаган улуттар арасында 168 америкалык, 76 англиялык, 18 австриялык бар экен.

Расмий бийлик өлкөдөгү улуттар аралык мамиленин туруктуулугун камсыз кылууда ассамблея олуттуу салым кошуп жаткандыгына бекем ишенет. Маселен, премьер-министр Николай Танаевдин айтымында:

-Коомдогу улуттар аралык атуулдук ынтымак саясий стабилдүүлүктүн, экономикалык жана социалдык реформалардын негизи.

Биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов делегаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусунда ассамблеяга мындай баа берди:

-Азыр ассамблея Кыргызстан элдерин түзгөн улуттардын кызыкчылыктарын коргоо максатын көздөгөн эң барктуу, көпчүлүктү түзгөн коомдук уюм. Ал биздин республикада жалпы элдик тилектештикти камсыз кылат.

Бирок, ырасмий бийликтин саясатын колдобогон тарап Кыргызстан элдери ассамблеясын өз алдынча иш жүргүзгөн, көз карандысыз уюм боло албагандыгы үчүн сынга алып жүрүшөт. Ассамблея башынан эле азыркы бийликтин саясатына колдоо көрсөтүү максатында бийликтин демилгеси менен түзүлгөнүн айтышат. Маселен, депутат Алевтина Проненко ошондой көз-карашта:

- Мен булардын ишмердүүлүгүн азыркы бийликти колдоодон гана көрөм. Алар саясий чөйрөдө президентке колдоо зарыл болгон учурда гана пайда болушат.

Бир катар оппозициячыл саясатчылар жана коомдук ишмерлер Кыргызстан элдери ассамблеясынын 4-курултайында президент Аскар Акаевдин келээрки мөөнөт үчүн шайлоого барышын ыңгайлаштырган чечим кабыл алынаарын болжоп жатышат. Алардын бири, укук коргоочу Турсунбек Акун курултайдын алдында маалымат жыйынын өткөрдү. Укук коргоочунун айтымында:

-Ассамблеянын IV курултайы мыйзамсыз болот. Анткени, ал мамлекеттин колдоосу, бардык бийлик структураларынын жетекчилеринин катышуусунда өткөнү жатат. Бул кандайдыр бир саясий чечим кабыл алууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк берет. Ал жерде саясий маселелер көтөрүлгөны атат. Президент өзү «Мен талапкердигимди койбойм. Конституция боюнча укугум жок» деп атат. Ошого карабай, президентти мыйзамды бузууга түрткөнү жатышат. Эртең ушундай сунуштар айтылса, демек, ал алдын-ала даярдалган болот.

Ал эми ассамблея кеңешинин төрага орунбасары Касым Чаргыновдун айтымында, курултайдын күн тартибинде президенттин келерки мөөнөтүнө байланышкан маселе жок:

-Бул пикирге мен такыр кошула албайм. Себеби, биздин курултайыбыз уставдык негизде 4 жылда бир жолу чакырылып атат. Эл ичинде ар кандай имиштер боло бериши мүмкүн. Бирок, биз ал үчүн атайын бирөөнү сүйлөтөлү деп даярдап аткан жерибиз жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG