Жума күнү “Бишкек таймс” гезити бир жылдыгын белгилегени туру. Апталыктын жаңы санында кандай материалдар жарыяланаарын башкы редактор Нуралы Капаров айтып берди:
- 30-январдагы чыгып аткан саныбыз «Бишкек таймстын» бир жылдык маарaкесине арналат. Майрамдык сан болгондуктан мында газета жамаатынын маектери, эскерүүлөрү, алдыдагы иш пландары - газетанын бир күндүк турмушун чагылдырууга аракет кылдык. Бишкектеги “Агахан” банкынын бөлүм башчысы, Грузиянын президенти М.Саакашвилинин курсташы Жаныбек Оморов деген жигитибиз бар. Аны менен маек, кинорежиссер Жали Сооданбек, Кыргызстандын көркөм өнөр музейинин директору Майрам Юсупова менен болгон маектерибиз бул санга жарыяланууда.
Феликс Куловдун ишине байланышкан коомдук угуу өткөнүн бейшембидеги “МСН” гезити жазды. Адвокат Любовь Иванованын ырасташынча, Ф.Кулов 2000-жылдын 22-мартында кармалып, ага “кызмат абалынан пайдаланып ири өлчөмдө уурдоого барган” деген күнөө коюлган. Адвокаттын айтымында, Кылмыш-жаза кодексинде мындай берене жок.
Мелис Эшимканов “Аалам” гезити менен Турсунбек Акунду кечирип, элдешүүгө барганына Замир Өсөров токтолгон. “Бир сөз менен айтканда, жыйынтыгы сыйкырдуу жомоктогудай же индиялык кинодогудай болду. Кыргызстанда деле акча, кадыр-барк жана аброй үчүн укмуш амал-айлаларды жалаң эле мамлекет башчысы эмес, башкалар деле жасай ала тургандыктары ачыкка чыкты”, деп жазат макала автору.
Ушул эле тема жума күнкү “Аалам” гезитинде да улантылат. Аны басылманын башкы редакторунун орунбасары Кенжебек Арыкбаевден уксак.
- “Аалам” гезитинин жума күнкү санында “Кыш өтүп кар да кетет, жаз да келет, бак эмес, үмүттөргө бүчүр байлап” деген аталышта Ф.Куловдун ишине байланышкан коомдук угуу жөнүндө кеңири материалыбыз жарыяланат “Кулов боштондукта” деген ат менен. Ошондой эле, парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйын төрагасынын орунбасары Кубатбек Байболовдун “Мен өлүм жазасынын алып салынышына каршымын” деген аталышта маеги басууга даярдалууда. Кыргыз тил мыйзамы тууралуу, Нарындан келген карыялардын каты - “Аскар арманыбызды угар бекен?” - деп жарыяланып жатат. Катта карыялар Нарын облус жетекчиси А.Салымбековго кайрылышкан.
Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаевдин Орусияга иш сапары ийгиликтүү аяктаганын бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити жазды. Өкмөт башчы Орусиядан жазгы айыл чарба жумуштарына деп 20 миң тонна жер семирткич алуу, аскерий-техникалык кызматташтык жана коргоо өнөр жай комплексин биргелешип иштетүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Кыргызстандын “Айнур”, Бишкек машина куруу, “Дастан”, “Жанар” ишканаларынын тагдыры февраль айында улануучу аскерий-техникалык кызматташуу боюнча комиссиянын кезектеги отурумунда чечилмекчи.
Оппозиция эмдиги жылдын этегинде өтүүчү президенттик шайлоого эмитен кам көрө баштаганы Данияр Каримовдун бейшемби күнкү “Вечерний Бишкек” гезитинде жарыяланган макаласында баяндалат. Автордун болжолунда, бийлик каршылаштары эми жыйналыш, ачкалык жарыялоо жана башка ыкмаларга өтөт. “Мунун баары шайлоо алдында болчу амал-айлалар”, – дейт гезит.
Жума күнү чыгуучу “Кыргыз руху” гезитинде жарыяланып жаткан макалалар тууралуу басылманын башкы редактор орунбасары Калил Жамгырчиев айтып берет:
- Кыргыз телерадиокорпорациясынын “Ак босого” берүүсүндө журналист Кален Сыдыкованын ажылардын, дегеле кыргыз мусулмандарынын намысына тийген сөзүнө Өзүбек ажы Чотоновдун, Бейшенбек Бекешовдун, Дооронбек Садырбаевдин каршы пикирлерин камтыган маектер жана Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы быкы-чыкы, ошондой эле Ф.Куловдун айланасында жүрүп жаткан саясий оюндар тууралуу макала, Америка Кошмо Штаттарында жашаган кыргыз атуулу Азамат Алтайдын бейнесине сүртүмдөр жарыяланмакчы.