Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

Мамлекет башчы Кыргызстандын элине жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдомокчу


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев 6-февралда кыргыз элине жана Жогорку Кеңештин кош палатасына кезектеги кайрылуу менен чыгат. Буга байланыштуу Эл өкүлдөр жыйыны 6-февралга кезексиз сессия чакырууда. Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчысынын кайрылуусунун мазмуну тууралуу маалымат тарата элек. Ал эми атын атоону каалабаган бийлик өкүлүнүн айтымында, мамлекет башчы бул жолу адаттагыдай эле өлкөнүн ички, тышкы саясатына токтолот. Ошондой эле парламенттен тыңшоочу аппараттардын табылышына, 2005-жылдагы шайлоого даярдыктарга байланыштуу пикирин билдирет. Мамлекет башчы мындан мурунку кайрылуусун күзүндө жасаган.

XS
SM
MD
LG