Шайлоого байланышкан кризистен чыгуу үчүн Иран өкмөтү көзөмөл кеңеши менен жума күнү атайын сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бирок ал натыйжасыз аяктады. Муну ишемби күнү президент Мохаммад Хатами өзү ырастады.
Ошол эле күнү көзөмөл кеңеши мурда талапкерлер тизмесинен чыгарып салган бир миңдей кишиге – негизинен консерваторлордун өкүлдөрүнө депутаттык мандат үчүн күрөшкөнгө уруксат берди. Ал эми реформачыл ой-санаадагы үч миңден ашуун талапкерге, алардын ичинде азыркы межилистин сексендей мүчөсүнө чыгарылган бүтүмүн кеңеш өзгөртүүсүз калтырды. Башкача айтканда, алар депутаттыкка кандидат боло алышпайт. Ишемби күнү жарыя кылынган маалыматтарга ылайык, кандидаттардын саны жалпы эсепте беш жарым миңдей болот, мунун өзү ар бир округда депутаттык бир мандатты он тогуз талапкер талашат дегенди билдирет. Кандидат болгонго укук алгандардын басымдуу көпчүлүгү реформага медил кушун салбаган адамдар экенин эске алганда, Ирандын эмдиги межилиси консерваторлордун контролдугуна өтөрүн азыртан эле айтса болот.
Бирок реформачылар да өз талаптарынан баш тартпай тургандыгын айтышууда. Парламенттеги депутаттардын бири Хосейн Логманян карапайым калк жана межилистин депутаттары бу маселеде өтө чечкиндүү экенин, каршылык көрсөтүүдөн кайра тартпай тургандыгын белгиледи. Логманян адам укуктары ирандыктар үчүн баарынан маанилүү, элдин ишеничин алдаганга эч кимдин укугу жок, андыктан реформачылар калктын укугун колдон келгенче коргогонго даяр деп ишендирди.
Ирандык студенттердин лидери Абдолла Момени жаштар кыймылы шайлоого байкот жарыялай тургандыгын ырастады. Бул жолку шайлоонун эч кандай демократиялык мааниси калган жок, деп айтты ал. Ошондуктан жаштар көзөмөл кеңеши өз чечимин өзгөртүп, реформачыл талапкерлерге уруксат берген күндө да 20-февралда баары бир добуш беришпейт.
Президент Мохаммад Хатами реформачыл кандидаттар катышпаган шайлоо легитимдүү болбой тургандыгын эскертти. Өлкөнүн ички иштер министри Авболвахед Мусави-Лари, провинциялык губернаторлор да мындай шартта адилет, эркин шайлоо өткөрүүгө болбойт деп билдиришти. Шайлоо кризисине байланыштуу жагдайды талкуулоо үчүн ишемби күнү өкмөт чукул жыйын өткөрдү. Анда кандай чечим кабыл алынганы белгисиз, бирок бейтарап байкоочулардын көбү реформачылардын өкмөтү массалык нааразылык акцияларын өткөргөнгө бара албайт деген ишеничте. Буга жүйөөлүү эки себеп бар. Биринчиден, өкмөт менен көзөмөл кеңешинин азыркы тирешине ирандыктардын басымдуу көпчүлүгү кайдыгер бойдон калды. Экинчиден, массалык акциялардын арты Ирандагы жалпы диний системанын түбүн солкулдатып, атүгүл аласалдырып таштаган окуяларга айланып кетиши мүмкүн. Муну болсо реформатор атанган иран молдолору, анын ичинде президент Хатами менен анын жааткерлери деле каалабайт.