Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

ИРАН: ЖҮЗДӨН АШУУН ДЕПУТАТ КЫЗМАТЫНАН ЧЕГИНЭЭРИН ЖАРЫЯЛАДЫ


Жекшембиде Иран парламентинин 100дөй реформачыл-депутаты кызматынан чегинүү жөнүндө арыздарын тапшырышты. Муну менен өлкөдөгү саясий кризис ого бетер күчөдү. Эми кризисти чечүүгө Ирандын жогорку диний лидери аятолла Хаменейи киришиши мүмкүн.

Бүгүн Иран парламенти - мажлистин төрагасы Мехди Карруби кызматтан массалык кетүү жөнүндө жарыялады:

- Парламенттин 109 мүчөсү кызматтан чегинүү арыздарын тапшырды. Бул факт биз үчүн, эл менен жетекчилик үчүн да абдан өкүнүчтүү.

Арызын тапшырган парламентарийлердин атынан сүйлөгөн депутат Мохсен Мирдамади өлкөдөгү республикачыл түзүлүштү жок кылууну чечишти деп, консерваторлорду сынга алды. “Чегинүүдөн башка аргабыз калган жок”, - деди Мирдамади. Депутаттар Ройтер кабар агенттигине билдиргендей, кызматтан кетүү жөнүндөгү арыздары эмки аптанын аягында парламент төрагалыгынын кароосуна берилет. Өлкөнүн вице-президенти, бир катар министрлер менен жогорку жетекчилер да шайлоого байланыштуу маселе оң чечилмейин, кызматтан кетебиз деп эскертишти.

Реформачыл депутат Хусейн Логманян парламент мүчөлөрү калк менен кошо бул маселеде чечкиндүү экенин белгиледи:

- Биздин артка чегинишибиз мүмкүн эмес. Элдин укуктары биз үчүн эң маанилүү нерсе. Алардын үмүтүн актабай койо албайбыз. Колубуздан келишинче элдин укуктарын коргойбуз.

Депутаттардын кызматтан чегиниши керектүү кворумдун жетишсиздигине алып келип, парламенттин сессияларын улантууну кыйындатмакчы.

Ошентип, бир нече миңдей талапкерди шайлоодон четтетүү жөнүндө Көзөмөл кеңешинин чечиминен келип чыккан саясий кризис кескин курчуду. Жыл башында Ислам революциясынын көзөмөл кеңеши 4 миңдей кишини депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чийип салган эле. Алардын арасында азыркы парламенттин 80дей мүчөсү да бар. Жума күнү кеңеш мурда тизмеден алынып салган бир миңдей кишиге карата өз чечимин өзгөрттү. Бирок 2 миңге чукул киши мандат үчүн күрөшө албайт.

Парламент төрагасы Мехди Каррубинин ырастоосунда, элдин колдоосун ала албаган саясий фракция эми колдоого күч менен, Көзөмөл кеңешинин жарадамы аркылуу ээ болууну көздөп жатат.

Ишембиде өлкөнүн ички иштер министри Абдулвахед Мусави-Лари көзөмөл кеңеши өз бүтүмүн өзгөртпөсө, 20-февралга белгиленген парламенттик шайлоо легитимдүү болбойт деп эскертти. Ушундай шартта өкмөт шайлоону өткөрө албайт, - деп кошумчалады Мусави-Лари. Шайлоону уюштуруу милдетин да аркалаган Мусави добуш берүүнү кийнчерээк өткөрүү сунушу менен кайрылган эле. Жума күнү кеңеш ал сунушту четке какты.

Көзөмөл кеңеши менен ачык конфронтацияга баруудан баш тартып келаткан президент Хатами араздашуу сүйлөшүү аркылуу чечилет деген үмүтүн билдирди.

Парламент төрагасы Каррубинин маалымдашынча, ал президент менен бирге туңгуюктан чыгуунун жаңы чараларын караштырып жатат. Эми маселеге мамлекеттеги бардык иштер боюнча соңку сөзгө ээ болгон диний лидер аятолла Хаменейи кийлигишет көрүнөт. Ал болсо, өз кезегинде, айрым аналитиктердин айтымында, Ирандагы динчил башкаруунун дарегине айтылып жаткан сын-пикирлердин күчөшүнөн чочулап, көзөмөл кеңешине кысым көрсөтүшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG