Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:35

МИНА ӨРӨӨНҮНДӨГҮ “ШАЙТАНГА ТАШ УРУУ” УЧУРУНДА 244 ЗИЯРАТЧЫ ШЕЙИТ БОЛДУ


Амирбек ажы Азам уулу, Прага шаары http://gdb.rferl.org/ACB0D4F1-A41D-44C5-987B-9E9E5FC4353F_w203.jpg Жекшемби, 1-февраль - Сауд Арабияга ажы парзын аткарууга барган мусулмандар үчүн маанилүү күн. Бул күнү алар ажы болууга зарыл диний жөрөлгөлөрдүн акыркысын бүткөрүшөт: Мина өрөөнүнө барышып, ал жердеги шайтандын сөлөкөттөрүнө таш ыргытышат. Таш ыргытуу каадасын аткарышкандан кийин чачтарын алдырышып, жуунуп-таранышып Мекеге кайтып келишет. Бул күнү зияпатчылар бирин бири “Ажы” болуусу менен куттукташат. Курбандыкка арналган мал-жандыктар союлат.

Сауд Арабиясында ажылык парзын сакыт кылуу максаты менен жүргөн адамдар бүгүн айт намаздарын окушкандан кийин, Мина өрөөнүнө сапар алышты. Ак ихрам кийген зияратчылар өрөөндөгү Мухаммед пайгамбардын жолун бөгөөгө аракет кылган шайтандын элесин берген үч таш сөлөкөттүн ар бирине жети даанадан таш ыргытышат.

“Шайтанды таш бараңга алуу” деп аталган бул зыяпатты аткаруу татаал жана кооптуу экенин мен өзүм 1991-жылы ажыга барганда баштан кечиргем. Себеби, бир эле мезгилде миң-миңдеген адамдар дарыядай агылышып, жолдо катып калган шайтанга Муздалифа өрөөнүндө атайылап чогултуп алган корголдой майда таштарды ыргыткысы келет. Элдин агымы токтотпой сүрүп баратканда, кокус, жаза басып, жыгылып кетсеңиз, артыңызда келаткан адам канчалык тырышпасын, токтой албайт. Ошондуктан, зияратчылардын коопсуздугун камсыздоо үчүн полиция үн жаңырткычтар аркылуу адамдарды ирээттүү жана туура багытта жүрүүгө үзбөй үндөп турат. Ага карабастан, түмөн-түмөн адамдар селдей кирип, адам көпчүлүктүн шары менен басып калганда, мүдүрүп-жыгылган адам тепсендиде калары турган иш.

Саудия падышалыгынын ажы иштери боюнча министри Аяд Маданинин билдиргенине караганда, бүгүнкү кырсык дал ушундай болду. Шайтанга таш атканы бараткан көлкүлдөгөн элдин аяк астында калып, 244 адам мерт болду. Бул биринчи окуя эмес. Өткөн жылы Мина өрөөнүндөгү зыяпат учурунда 14 зияратчы өлгөн.

Ал эми 1990-жылы Мекедеги капылетте 1400дөн көп зияратчынын өмүрү үзүлгөн.

Быйыл ажыга төгөрөктүн төрт бурчунан 1 миллион 700 миңден көп мусулман келген.

Мина өрөөнүндөгү шайтанга таш ыргытуу учурундагы катаал шартты Вашингтондогу Мусулмандардын коомдук иштери боюнча кеңештин директору Хасан Ажы Ибраим мындайча сүрөттөйт:

- Сиз толкундай каптаган адамдарды көрөсүз. Эгер алар туура багытты жоготсо, сиздин башаламан кыймылга кошулуп кетериңиз анык. Мындай башаламандык маал-маал кайталанып турат.

Хасан Ажы Ибраим - ажыда бир нече жолу болуп келген такыба адам.

Меке шаарындагы “Ажаяду Мекка” мейманканасына телефон кагып, кыргызстандык зияратчылар менен байланыша албадым. Мейманкананын кызматкери: “Коноктордун бири да Минадан келе элек” деди. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын муфтийи Мураталы Ажы Жуманов менен байланышканымда, ал киши өзүндө соңку маалымат жок экенин билдирди.

Зияратчылар шайтанга таш ыргытып келишкенден кийин, ажы зыяпаты мезгилинде алдырбай жүрүшкөн чачтарын алдырышып, сакал-муруттарын тегиздетишет. Ихрамдарын чечишип, кадыресе кийимдерин кийинишет. Ушул эле күнү Курман айтка атап мал сойдурушат. Андан соң Мекеге акыркы ирет тооп кылганы сапар алышат.

Сөз соңунда белгилей кетчү нерсе, Саудиянын мартабалуу диний жетекчилеринин бири, шейх Абдул Азиз аш-Шейх ишемби күнү Арафат тоосуна жакын жердеги Намира мечитинде өткөн намазда мусулмандарды өздөрүн “мужахеддиндер” деп аташкан террорчуларды жектөөгө үндөдү.

“Мусулмандардын канын төгүү - ыйык согушпу? Мусулман жеринен башпаана тапкан башка диндеги адамдардын канын төгүү - ыйык согушпу? Бул, эмне, мусулмандардын мүлк-дүйнөсүн бузуп-талкалоого багытталган ыйык согушпу?”,- деди аш-Шейх.

Ишемби күнү белгисиз бирөө Эр-Рияддын четинде падышалыктын коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкерин атып кеткен болчу.

Өткөн жылы болсо Сауд Арабиясында террордук чабуулдардан 51 адам курман болгон. Алардын ичинде саудиялыктарга катар падышалыкта иштеп жүрүшкөн чет элдик жарандар да бар.
XS
SM
MD
LG