Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

МАРСТА БИР ЭЛЕ УЧУРДА ЭКИ МАРСЖҮРГҮ ИШТӨӨДӨ


Кубат Оторбаев, Прага Америка Кошмо Штаттарынын НАСА агенттигинин маалыматы боюнча, бүгүн тарыхта биринчи жолу Марстын бетин бир эле учурда эки марсжүргү изилдей баштады. Opportunity да, Spirit дагы “кызыл планетадан” суу издөөгө киришти.

НАСАнын кызматкерлеринин айтымында, Марска экинчи болуп 25-январда конгон Opportunity “кызыл планетада” алгачкы 3 метрлик аралыкты басып өттү. Opportunity дагы андан саал мурда бул планетага кондурулган Spirit марсжүргүсү сыяктуу эле адамзатты кызыктырган башкы суроого – “Марста жашоо барбы?” деген суроого жооп издөөдө. Ал үчүн оболу Марста суу бар же жок экенине илимий негизде жооп алуу зарыл. Адистер Spirit конгон Гусев кратеринде мурда көл болгон болушу керек деп болжолдоп жатышат. Ал эми Opportunity марсжүргүсү иштей баштаган аймакта гематит деген химиялык заттын табылганы белгилүү. Гематит болсо, адатта, суу бар жерде пайда болот.

Гусев кратерине 3-январда конгон Spirit менен байланыш 22-январда кыска убакытка үзүлгөн эле. НАСАнын кызматкерлеринин айтымында, Spirit менен байланыш кайра калыбына келтирилди. Бирок, адистер азыр Spirit мындан да жакшы иштеши үчүн анын “мээсинде” сакталып калган ашыкча маалыматтарды тазалап жатышат. Spirit марсжүргүсү 7 ай бою жол басып, Марска жеткиче анда кыйла маалыматтар топтолуп калган болчу.

Бул марсжүргү адирондак деп аталган ташты изилдеп, алгачкы жыйынтыктарды берди. Ал үчүн Spirit таштын бетин микроскоптун жардамы менен сүрөткө тартып алды да, анын курамында эмне заттар бар экенин билди. Алынган баалуу илимий маалыматтарга караганда, адирондак – кристаллдардан турган катуу таш болуп чыкты. Адирондактын курамында хризолит, пироксен жана магниттүү темир күкүмдөрү бар экен. НАСАнын окумуштуусу Дик Морристин айтымында, мындай курам Жердеги жанартоолор бүрккөн шакелдерде учурайт. Эми Spirit адирондактын ичинде эмне бар экенин билүү максатында аны бургулап, тешүүгө киришти.

Мурда кабарлангандай, буга чейин Spirit марсжүргүсүнүн жардамы менен “кызыл планетанын” сүрөттөрү тартылып алынган. Учурда НАСАнын адистери зор ынтаа менен космостук иликтөөлөрүн жүргүзүүдө. Буга чейин - 1998- жана 1999-жылдарда НАСА Марста эки ракетасын жоготкон эле. Spirit марсжүргүсүнүн, андан соң Opportunityтинин Марска конушу үчүн 820 млн. доллар сарпталган. Бул миссия АКШнын космос программасы үчүн зор мааниге ээ. Жалпысынан, адам баласы Марска жөнөткөн ракеталардын жарымынан ашыгы талкаланып, же дайынсыз жоголгон.
Баяныбыздын соңунда кошумчалай кетээрибиз, дүйшөмбүдө Кытай бийлиги да космостук иликтөө жаатындагы жаңы долбоорун ачыктады. Атап айтканда, Кытай март айынан тартып экинчи космонавтты учурууга камылга көрө баштайт. "Шеньчжоу-6" космос кемеси менен учууга 14 атуул талапкер болууда. Алардын арасында былтыр Кытайдан биринчи болуп космоско учкан Ян Ливэй (Yang Liwei) да бар.
XS
SM
MD
LG